Кыргызстан БАда транспорттук-логистикалык түйүн катары ролун күчөтөт

Экономика 12 октябрь 2026 11:20
Кыргызстан БАда транспорттук-логистикалык түйүн катары ролун күчөтөт
copyright icon Кабар

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Кыргызстан эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу жана тышкы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү аркылуу Борбор Азиядагы маанилүү транспорттук-логистикалык түйүн катары ролун күчөтүүнү көздөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Заманбап бажы" эл аралык форумунда билдирди.

Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдигине жана түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөргө байланыштарды кеңейтүү да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул максаттар Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында камтылган.

Амангелдиев белгилегендей, өлкөнүн максаты транзиттик жүк агымын көбөйтүү менен гана чектелбейт. Транспорттук коридорлорду өнүктүрүү инвестиция тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, логистикалык борборлорду, кампаларды, тейлөө жана өндүрүш ишканаларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек.

Ал үчүн транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү менен катар административдик тоскоолдуктарды азайтуу, чек арадан өтүү жол-жоболорун тездетүү жана мамлекеттик органдардын ишин координациялоо зарыл экенин белгиледи.

Ошондой эле ал бажы системасын санариптештирүү артыкчылыктуу багыттардын бири экенин айтып, заманбап соода коридорлору электрондук документтерди, маалымат алмашууну жана тобокелдиктерди натыйжалуу башкарууну камтышы керектигин кошумчалады.