Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Кыргызстан товарлардын чек арадан өтүшүн тездетүү жана эл аралык соода жолдорун өнүктүрүү үчүн коңшу өлкөлөр менен бажы көзөмөлү, алдын ала маалымат алмашуу жана жол-жоболорду санариптештирүү багытындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Заманбап бажы" эл аралык форумунда билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик чек ара маселелери боюнча жетишилген макулдашуулар, өткөрүү пункттарынын ачылышы жана соода мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши аймактык экономикалык байланыштарды чыңдоого шарт түзөт.
Амангелдиев белгилегендей, өлкөлөр өздөрүнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу үчүн чек арадагы жол-жоболорду коңшу мамлекеттер менен шайкеш келтирип, зарыл маалыматтарды алмашып, санариптик чечимдерди биргелешип колдонушу керек.
Ошондой эле ал бажы кызматтарынын, мамлекеттик органдардын жана бизнестин өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, электрондук документ жүгүртүүнү кеңейтүү жана тобокелдиктерди башкаруунун заманбап механизмдерин киргизүү маанилүү экенин белгиледи.
Амангелдиевдин айтымында, жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдүн натыйжалуулугу ишкерлер үчүн түшүнүктүү эрежелердин, алдын ала белгилүү мөөнөттөрдүн жана ашыкча административдик жол-жоболордун кыскарышы менен бааланышы керек.