Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Кыргызстан тышкы сооданын бирдиктүү санариптик системасын өнүктүрүп, бажы тармагына жасалма интеллект технологияларын киргизүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Заманбап бажы" эл аралык форумунда билдирди.
Анын айтымында, жасалма интеллект документтерди автоматтык түрдө текшерүүгө, товарларды классификациялоого, бажы жол-жоболорун тездетүүгө жана чечимдердин ачык-айкындуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле 2026-жылдын январынан тартып Кыргызстан Кытай менен эл аралык жүк ташууларга уруксаттарды электрондук форматта алмашууга өткөн. Учурда кыргызстандык жүк ташуучулар Кытай, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркия менен каттамдарда электрондук уруксаттарды колдонушат.
Амангелдиев белгилегендей, буга чейин уруксаттар кагаз түрүндө алмашылып келген. 2025-жылы Кытай менен 130 миң уруксат алмашылган. Электрондук формат ишкерлердин убактысын жана чыгымдарын кыскартып, кезек күтүүнү азайтууга жана коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө шарт түзөт.
Кийинки этапта мамлекеттик органдарды, ташуучуларды, логистикалык операторлорду жана тышкы соода катышуучуларын бириктирген улуттук электрондук логистика системасын түзүү пландалууда. Ал жүк тууралуу маалыматтарды бир жолу берүү, жүктөрдү электрондук коштоо жана ташуу маршруту боюнча катышуучулардын өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт.
Ошол эле учурда Амангелдиев санариптештирүү мыйзамдуу сооданы камсыз кылуу, мамлекеттик бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүү жана товарлардын мыйзамсыз ташылышына бөгөт коюу менен коштолушу керектигин белгиледи.