Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда байкоочу статусун алууну көздөйт

Министрлер кабинети Загрузка... 16 Апрель 2026 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Вашингтонго болгон иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Америка мамлекеттеринин уюмунун башкы катчысы Альберт Рамдин менен жолукту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Америка континентинин өлкөлөрү менен байланышын чыңдоого багытталган бир катар маселелерди талкуулашты.

Адылбек Касымалиев республиканын учурдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу айтып берип, өлкөнүн экономикасы акыркы үч жылда болуп көрбөгөндөй өсүштү көрсөткөнүн белгиледи.

"ИДПнын орточо жылдык өсүү темпи кеминде 9%ды түздү, ал эми 2025-жылдын акырына карата өсүү 11,5%га жетти. Бул президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун тастыктаган региондогу эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири", - деп белгиледи минкаб төрагасы.

Жолугушуунун темаларынын бири Кыргызстандын Америка мамлекеттеринин уюмундагы туруктуу байкоочу статусун талкуулоо болду. Адылбек Касымалиев бул кадам Түндүк жана Түштүк Америка өлкөлөрү менен саясий диалогго, мамлекеттик башкарууда тажрыйба алмашууга, социалдык-экономикалык кызматташууга жаңы горизонтторду ачарына ишенимин билдирди.

Кыргызстандын маданий мурастарын даңазалоого да көңүл бурулду. Адылбек Касымалиев Америка мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрүн ушул жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтө турган 6-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга расмий түрдө чакырды. Минкаб төрагасы оюндар маданияттар аралык диалогдун жана элдердин достугун чыңдоонун уникалдуу аянтчасы экенин белгиледи.

Өз кезегинде Америка мамлекеттеринин уюмунун башкы катчысы Альберт Рамдин “Америка үйүндө” кыргыз делегациясын жылуу кабыл алып, өлкө жетекчилигин экономикалык өсүштүн таасирдүү натыйжалары менен куттуктады.

Ал Кыргызстандын Уюм менен институционалдык тыгыз байланышка умтулуусун толук колдой турганын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар жолугушууда талкууланган демилгелерди иш жүзүндө ишке ашырууга умтула тургандыгын ырасташты.

Маалымат үчүн: Америка мамлекеттеринин уюму - 1948-жылы негизделген дүйнөдөгү эң эски аймактык эл аралык уюм. Ал Түндүк жана Түштүк Америкадагы 35 көз карандысыз мамлекетти бириктирет. Штаб-квартирасы Вашингтондо жайгашкан уюмдун негизги максаттары тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө, демократияны өнүктүрүү, адам укуктарын коргоо жана Батыш жарым шарда туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү.