Кыргызстан алдыга чоң кадамдар менен бара жатат - Эрик Ялгашев

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 12:06
Кыргызстан алдыга чоң кадамдар менен бара жатат - Эрик Ялгашев
copyright icon Кабар

Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. Америкалык режиссер, продюсер жана актер Эрик Ялгашев ШКУ саммитин, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу иш-чараларды бир мезгилде жогорку деңгээлде өткөргөнү үчүн уюштуруучуларга жана президент Садыр Жапаровго Чолпон-Атада өткөн пресс-конференцияда ыраазычылык билдирди.

“Уюштуруучуларга жана президент Садыр Жапаровго чоң рахмат. Үч ири иш-чараны — ШКУ саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Эгемендүүлүк күнүн — бир иш-чарадай айкалыштырып, жогорку деңгээлде өткөрө алышты”, — деди ал.

Ялгашев Бишкекке буга чейин да бир нече жолу келгенин айтып, бул жолку сапарында шаардагы өзгөрүүлөргө өзгөчө таң калганын белгиледи.

“Мен Бишкекке биринчи жолу келип жаткан жокмун. Буга чейин ШКУнун кинофестивалына жана башка иш-чараларга катышып келгем. Бирок бул жолку сапарымда чын жүрөктөн таң калып, суктандым. Өзгөрүүлөрдүн масштабы абдан чоң. Шаар укмуштуудай өзгөрүптүр, жолдор Европадагыдай кең, сапаттуу жана ыңгайлуу болуптур”, — деди америкалык режиссер.

Ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанды дүйнөлүк маалымат мейкиндигинде кеңири таанытып жатканын белгиледи.

“Көчмөндөр оюндарын эле алалы. Азыр Кыргызстан дүйнөлүк интернет мейкиндигинде биринчи орунда турат, баарын артта калтырдыңар”, — деди Ялгашев.

Ошондой эле ал Ассоль Молдакматовага жана Санжарга дүйнөгө белгилүү актер Дон “Дракон” Уилсон менен Голливуд актрисасы Бай Линдин Кыргызстанга келишине салым кошкону үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Эрик Ялгашев Кыргызстан алдыга чоң кадамдар менен жылып жатканын белгилеп, сөзүн “Алга, Кыргызстан, алга!” деген чакырык менен жыйынтыктады.