Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Кыргызстан АКШы менен алакасында үч стратегиялык багытка көңүл бурат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Вашингтон шаарында өткөн "Борбордук Азия - АКШ" (C5+1) саммитинде билдирди.
- Гидроэнергетика
Кыргызстандын жалпы гидроэнергетикалык потенциалы жылына 140 млрд кВт⋅сааттан ашат, бирок анын болгону 15% гана колдонулат. Кыргызстан бул тармакта инвестиция үчүн пайдалуу ири долбоорлорду сунуштоого даяр.
- Транспорттук байланыштар
Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок мамлекет катары Кыргызстан регион аралык байланыштарды чыңдоого жана заманбап транспорттук-логистикалык инфраструктура курууга өзгөчө көңүл бурат. Бул сооданы кеңейтүүгө жана регионду транзиттик борборго айлантууга мүмкүнчүлүк түзөт.
- Маалыматтык технологияларды жана жасалма интеллектти өнүктүрүү
“Кыргызстанда жашап, бүткүл дүйнө менен иште” деген ураан биздин мамлекетте активдүү илгерилөөдө. Кыргызстан региондо алгачкылардан болуп “Санарип кодексин” кабыл алып, санарип экономикасынын жана инвестициялардын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу укуктук шарттарды түздүк. IT чөйрөсү жана креативдүү экономика тез өсүүдө”, - деди Садыр Жапаров.