"Кыргызнефтегаздагы" коррупция: ИИМ кылмыш ишин козгоду

Укук тартиби Загрузка... 17 Март 2026 18:28
469095096_1071067861366842_1563537574499174832_n.jpg
copyright icon ИИМ

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун кызмат адамдарына карата коррупциялык схемаларды уюштуруу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында "Өз адамдар үчүн мунай: "Кыргызнефтегазды" кантип курутушту" аттуу иликтөө жарыяланган. Анда ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан жасалган бир катар мыйзамсыз аракеттер ачыкка чыккан.

Иликтөөнүн алкагында төмөнкүдөй мыйзамсыз иштер аныкталган:

  • Ишкананын айрым кызматкерлери өздөрүнө байланышы бар жеке компаниялар менен жең ичинен сүйлөшүп алышкан.
  • Күйүүчү-майлоочу материалдарды өткөрүүдө атайын схемалар түзүлүп, мамлекеттик кызыкчылыкка зыян келтирилген.
  • Түзүлгөн "ыңгайлуу шарттардын" негизинде айрым компаниялар салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөй, ири көлөмдөгү пайда табышкан.

ИИМ белгилегендей, өлкөдө күйүүчү майдын баасы өсүп жаткан учурда, стратегиялык маанилүү ишкананын кызматкерлери абалды турукташтыруунун ордуна, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын жогору коюшкан. Алар көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын айрым кызматкерлери менен алдын ала макулдашып, коррупциялык чынжырча түзүшкөнү белгиленүүдө.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Учурда Мамлекеттик салык кызматынын адистери менен биргеликте тергөө иштери уланууда. Күнөөлүү адамдарды аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.