Улуттук кино өндүрүшүнө жаңы дем. “Кыргызфильм” киностудиясы реконструкцияланууда

Маданият 16 Февраль 2026 12:12
634876565_1206288774996210_1391671638048959877_n.jpg
632393194_1206288901662864_8427365192232820783_n.jpg
632478053_1206288248329596_650264721285816878_n.jpg
632652149_1206288634996224_2871012420079234614_n.jpg
633448807_1206288461662908_6801283511506845139_n.jpg
633681310_1206290391662715_6555000421899491264_n.jpg
633830256_1206290224996065_2891854376914793420_n.jpg
633895345_1206290061662748_8296193606923840368_n.jpg
633945079_1206289998329421_2779572216896811398_n.jpg
634130031_1206289184996169_8034997448549873544_n.jpg
634148805_1206290558329365_6909749303412565319_n.jpg
634394101_1206289361662818_7933960538453680732_n.jpg
634447031_1206289224996165_7125967434682375809_n.jpg
634761124_1206290441662710_8313650855143834809_n.jpg
634926242_1206289964996091_7572464224408289663_n.jpg
634970677_1206288598329561_5401215725706558431_n.jpg
635040031_1206290581662696_5683682709632140093_n.jpg
636727089_1206288938329527_331791961417512912_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Учурда “Кыргызфильм” киностудиясынын имаратында жана ага чектеш аймактагы чарбалык курулуштарда оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен министр Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Марат Тагаев таанышты.

Кинематография департаментинин директору Талантбек Толобеков жана “Кыргызфильм” киностудиясынын жетекчиси Максат Жумаев аткарылып жаткан иштерге токтолушту.

Учурда лифттер калыбына келтирилип, эмеректер сатып алынууда, режиссёр, продюсер, сүрөтчү жана гримёрлордун иш бөлмөлөрү оңдолууда.

Мындан тышкары, кинозалда жана кичи кинопавильондо (эски имаратта) иштер уланууда. Бул жерде оорукана, мектеп, түрмө, советтик типтеги батирлер жана башка сахналык мейкиндиктердин съёмкалык декорациялары түзүлүүдө.

Министр “Кыргызтасмасы” мекемесинин ишмердүүлүгүн да текшерди. Анда Мирбек Мамбеталиев Кинематография департаментинин жетекчилигине жана карамагындагы мекемелерге оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аяктоо, каражаттарды максаттуу пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүүнү айтты. Ошондой эле ал тармактын инфраструктурасын модернизациялоо жана улуттук кино өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча тапшырмаларды берди.