Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу КР саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев парламенттин жыйынында билдирди.
Депутат Акылбек Түмөнбаев мурунку саламаттык сактоо министри так керектүү реформаларды жүргүзбөгөндүктөн кызматтан алынганын билдирди.
«Жаңы министрге президент өзү чоң үмүт арткан. Бул кызматта сиз кандай реформаларды жүргүзүп жатасыз? Сизге үмүт арткандардын көңүлүн калтырбаңыз",-деген депутат.
Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы бүгүн “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалганын билдирди.
"Ал абдан жоопкерчиликтүү жана таланттуу жигит.
Ал эми саламаттык сактоо тармагындагы реформаларга келсек, учурда план даярдап жатабыз. Даяр болору менен сиздерге тартуулайм, — деди Чечейбаев.