Бишкек, 13.11.25 /Кабар/. Өлкөгө дары-дармектин 95%ы импорттолот. Бул тууралуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Султанов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, анын ичинен 30-40 пайызы дүйнөлүк заводдордон түз алынып келсе, калган бөлүгү дистрибьютерлер аркылуу ташылууда.
“Мурда өлкөдөгү 300гө жакын оорукананын ар бири өз алдынча дары сатып алчу. Натыйжада бир эле дары Баткенде бир баа менен сатылса, башка облуста таптакыр башка баа менен сатылчу. Алыскы аймактарга дарылар жетпей калган учурлар да көп кездешчү. Ушул маселелерди чечүү үчүн 2,5 жыл мурун “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Учурда ишкана дүйнөлүк алдыңкы фармацевтикалык компаниялар менен түз иш алып барууда. Бул баалардын бир кыйла төмөндөшүнө өбөлгө болууда. Бүгүнкү күндө дары-дармектер мурдагыга караганда 4–5 эсеге чейин арзан баада келип жатат”, - деп белгиледи ал.