“Кыргызфармация” “Биовит” компаниясы менен өнөктөштүк келишимин түздү

Ден соолук Загрузка... 13 Ноябрь 2025 14:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.25 /Кабар/. Бүгүн “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы өлкөнүн алдыңкы фармацевтикалык өндүрүшчүлөрүнүн бири – “Биовит” компаниясы менен узак мөөнөттүү кызматташтыкка өтүү жана улуттук дары-дармек коопсуздугун бекемдөө максатында алкактык келишимге кол койду.

“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Султановдун айтымында, келишим Кыргызстанда өндүрүлгөн дары-дармектерди түз жана көп жылдык келишимдердин негизинде жеткирүү ниетин камтыйт. Бул – ички фарм өндүрүштү өнүктүрүү, импортко болгон көз карандылыкты азайтуу жана туруктуу дары-дармек менен камсыз кылуу системасын түзүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

WhatsApp Image 2025-11-13 at 13.54.26 (2).jpeg

“”Биовит” компаниясы - Кыргызстандагы фармацевтикалык тармактын флагмандарынын бири. 2002-жылы негизделгенден бери завод өндүрүш көлөмүн туруктуу көбөйтүп, продукциянын түрүн кеңейтип келет. Компания дары-дармектерди жана биологиялык активдүү кошулмаларды чыгарат. Өндүрүштүк базасы эл аралык GMP стандарттарына шайкеш келсе, сапатты көзөмөлдөө лабораториясы ISO 17025 стандарты боюнча аккредитацияланган. Бүгүнкү күндө “Биовит” өз продукциясын жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге экспорттоп, ички рынокту камсыздоого салым кошуп келет.

Жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү - бул жөн гана экономикалык максат эмес. Бул улуттук коопсуздуктун жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн маселеси. “Биовит” сыяктуу компаниялар менен келишим түзүү аркылуу биз саламаттык сактоо системасындагы баа жүгүн азайтып, медициналык уюмдарды туруктуу камсыз кылуу шарттарын түзөбүз”,-деди ал.

Белгиленгендей, келишимдин алкагында тараптар узак мөөнөттүү келишимдер боюнча жеткириле турган артыкчылыктуу дары-дармектердин тизмесин биргеликте аныкташат. Өзгөчө көңүл өмүр үчүн маанилүү жана социалдык жактан зарыл болгон дары-дармектерге бурулат. Мындай кызматташтык модели сапатты көзөмөлдөөнү күчөтүүгө, жеткирүүнү туруктуу пландаштырууга, логистикалык чыгымдарды кыскартууга жана кепилденген көлөмдөрдүн эсебинен өндүрүштүк базаны чыңдоого өбөлгө түзөт.

Алгачкы жеткирүүлөр 2026-жылдын биринчи чейрегинде башталышы күтүлүүдө. Ошондой эле мамлекеттик тапшырык боюнча контракттык өндүрүштөн тартып, Кыргызстанда клиникалык практика үчүн жаңы дары-дармектерди киргизүүгө чейин кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү да каралууда.

“Биовит” менен түзүлгөн бул келишим - дары менен камсыздоонун жаңы моделине карай жасалган ишенимдүү кадам. Ал ачык-айкындыкка, өнөктөштүккө жана улуттук кызыкчылыктарга артыкчылык берүүгө багытталган.