Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Искaков Замир Идырысович "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан маалымдашты.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Белгилей кетсек, Замир Искаков жол чарба жана транспорттук инфраструктура тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар адис. Ал "Кыргызавтожол-Түндүк" МИге караштуу №19 жана №39 Жол тейлөө ишканаларын жетектеген.
Ошондой эле "Бишкекасфальтсервис" МИде жол чарба бөлүмүнүн башчысы, Транспорт министрлигинин Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржылаган долбоорлорун ишке ашыруу тобунда көлөмдөр боюнча инженер болуп эмгектенген.