Кыргыз-өзбек мамилелери: Аналитикалык борборлор кызматташтыкты кеңейтет

Коом 588 06 Февраль 2026 11:50
m_05_0.jpg
m_05_1.jpg
m_05_2.jpg
Алдыга
Артка
m_05_0.jpg
m_05_1.jpg
m_05_2.jpg
Алдыга
Артка

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 06.02.26. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын «Өнүктүрүү стратегиясы» борборунун аткаруучу директору Элдор Туляков менен кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда тараптар ишенимге, өз ара урматтоого жана бардыгын камтыган стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-өзбек мамилелеринин учурдагы жогорку деңгээлин белгилешти.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан стратегиялык реформаларды ишке ашыруу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн аналитикалык жана изилдөө борборлорунун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындан тышкары, соода-экономика жана өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү, транспорттук байланыштарды жакшыртуу, санариптештирүү жана туруктуу өнүгүү багытында биргелешкен сунуштарды иштеп чыгууда аналитикалык борборлордун потенциалын пайдалануунун маанилүүлүгү белгиленди.