Кыргыз-Өзбек эл аралык университети менен Лейбниц университети кызматташтыкты күчөтөт

Билим Загрузка... 11 Сентябрь 2025 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргыз-Өзбек эл аралык университети

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Кыргыз-Өзбек эл аралык университети менен Лейбниц университети кызматташтыкты күчөтөт. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Германиянын Ганновер шаарындагы Лейбниц университетинин өкүлү, профессор Георг Гуггенбергер баштаган делегация Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетине расмий сапар менен келишти.

Окуу жайлардын өкүлдөрүнүн катышуусунда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган жолугушуулар уюштурулду.

КӨЭАУнун ректору Абдилбает Мамасыдыков Ош шаарында биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул кызматташтык студенттер жана шаар үчүн пайдалуу болоруна ишеним артарын билдирди.

Тараптар илимий кызматташууну кеңейтүүнү, студенттер аралык алмашууну жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Ректор алыскы Германиядан келген конокторго ыраазычылык билдирип, чыгармачыл студенттердин колунан жаралган белектерди тартуулады.

Германиялык студенттер университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, немис тил борборунда филология илимдеринин кандидаты Чынар Шарипова өткөргөн кызыктуу сабакка катышты.

Эске салсак, бул илимий сапар айыл чарба илимдеринин доктору Эльтар Смаиловдун жетекчилиги астында уюштурулду. Мындан ары да биргелешкен илимий изилдөөлөр уланылмакчы.