Бишкек, 25.10.25. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети 100 жылдыктын алкагында 100 китеп чыгарып, 120га жакын кабинетти жасалгалап, 100дөн ашык илимий-практикалык конференцияларды өткөрдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын ректору Догдурбек Чонтоев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бул иш-аракеттер бир жыл мурда мааракеге карата пландалып, илимий изилдөөлөрдү, талкууларды өткөрүүгө жана окуу жайдын материалдык базасын чыңдоого багытталган.
“Бүгүн окуу жайыбыздын 100 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Биздин окуу жайды Кыргызстандагы билим берүүнүн башатын түптөгөн, негизги пайдубалы деп айтсак болот. Бир жылдын ичинде окуу жайдын мааракесине даярдануу менен бирге чоң жетишкендиктерге жетиштик. Быйыл биринчи жолу Кыргыз улуттук университети QS World University Rankings эл аралык рейтингине кирди. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын эки эле мамлекеттик жогорку окуу жайы бул дүйнөлүк рейтингге кирген.
Экинчиси 34 жылда биринчи жолу Улуттук университетте 16 кабаттуу, көп функционалдуу корпустун курулушу жүрүп жатат. Мында 30 пайыз өзүбүздүн бюджеттен, 70 пайызын президенттин Турукташтыруу фондунан каржыланып, учурда корпустун 7-кабаты курулууда. 16 кабаттуу корпустун үстүңкү кабаттарында 700 орундуу чоң жатакана болмокчу. Ал эми алдыңкы 5 кабатында 24 саат иштей турган китепкана, студенттер үчүн эс алуу зонасы, спорт зал жана заманбап шарттары менен лекция окууга ыңгайлуу аудиториялар болот. Көп функционалдуу корпусту 2026-жылдын аягында бардык керектүү жабдуулары, эмеректери менен пайдаланууга берүү пландалууда”,- деди Чонтоев.
Бүгүнкү күндө Кыргыз улуттук университетинде 30 миң студент билим алса, алардын 1,5 миңдейи сырттан келген студенттер экенин окуу жайдын ректору маалымдады.
“Бизде бүгүнкү күндө 280ден ашык ар кандай деңгээлде башка өлкөлөрдүн алдыңкы окуу жайлары менен келишимдер бар, ошонун жарымынан көбү азыр жакшы иштеп жатат. Ошол эле мезгилде биздин студенттердин да сыртка чыгып, башка өлкөлөрдө окуп келгенге мүмкүнчүлүктөрү бар. Белгилүү болгондой 30 миң деп жаткан студенттерибизден тышкары, жаңы тиешелүү жарлык менен Нарын, Талас, Баткен мамлекеттик университеттеринин КУУга кошулуусу менен бардыгы 45 миң студент болду. Ошондуктан сапатты көтөрүүнүн үстүнөн 100 жылдыктан кийин иштерди алып баралы деп турабыз. Учурда сандан сапатка өтүү зарылдыгын айтып жатам, бул тармакта кээ бир маселелер бар. Ал эми аймактык окуу жайлардын бизге кошулушу бул мамлекеттин аймактарды өнүктүрүүгө багытталган кадамы деп түшүнсөк болот. Анткени, бизде 180 илимдин доктору, 570 илимдин кандидаты болсо, ал эми аталган аймактагы 3 окуу жайда бардыгы биригип 8 эле илимдин доктору бар экен”,- деди ал.
Эскерте кетсек, күн мурун Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси белгиленди.