Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 16 бейтап бөйрөгүн алмаштырды

Ден соолук 10 Март 2026 13:20
342fb79c-ebc8-4a9f-acba-5f304ce4cf9f.jpg
56ac0b1a-800c-4290-b49e-e5124ce9047c.jpg
62d6aa1f-a9cc-407e-b6e1-9b6e233595ae.jpg
119b7937-a7a8-4ad3-9f2d-3fd1f4905d0a.jpg
975a0d21-a442-47a2-b46f-2aab749a8406.jpg
2893b6d8-86a5-4e44-a46b-125ebb3f802c.jpg
498589e7-9972-477a-b317-f2e52b6d5d08.jpg
ad4b9d28-3b30-44aa-a1f8-2fe4b0fb06d0.jpg
b373b754-2481-4257-9bbe-cbc66da2edc6.jpg
bd7e1119-408a-4766-b9ef-279a427cc0be.jpg
eab28de1-5590-466c-95ce-74eac247af8a.jpg
ed1e6710-6441-48b1-ae40-f2d825ea57aa.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш сапардын алкагында министр медициналык жардамдын уюштурулушун, жогорку технологиялуу дарылоо багыттарын жана оорукананын санариптик мүмкүнчүлүктөрүн көрүп чыкты.

Белгилей кетсек, 2023-жылдан бери түрк адистери менен биргеликте 16 бейтапка бөйрөктү трансплантациялоо операциясы ийгиликтүү жасалды. Учурда кезектеги операцияларга бейтаптарды даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ооруканада медициналык маалыматтарды башкаруунун электрондук системасы толук киргизилген. Бул система дары-дармектерди эсепке алууну, документ иштерин жана дарылоо процессин ыкчам координациялоону камсыз кылат.

Ошондой эле министр кардиология кызматын жана заманбап ангиографиялык операциялык бөлүмдү карап чыкты.