Кыргыз тили, тарых жана география предметтерин окутуу ыкмасы өзгөртүлүүдө

Билим Загрузка... 10 Июль 2026 09:15
741643297_27488783187415429_263652889207423187_n.jpg
copyright icon Агартуу министрлиги

Кыргызстанда мектептеги үч негизги предмет – "Кыргыз тили", "Тарых" жана "География" боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди түзүү боюнча иштер башталды. Жаңы окуу китептери өлкөнүн 12 жылдык билим берүү тутумуна өтүшүн, окутуунун заманбап талаптарын жана улуттук өзгөчөлүктү (иденттүүлүктү) чыңдоо зарылчылыгын эске алуу менен иштелип чыгат.

Окуу китептеринин мазмунун жаңыртуу маселеси Бишкекте Агартуу министрлиги жана "Окуу китеби" мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулган тегерек үстөлдүн алкагында талкууланды.

Министр Догдуркүл Кендирбаева кеп жөн гана окуу адабияттарын алмаштыруу жөнүндө эмес, дүйнөлүк стандарттарга да, Кыргызстандын улуттук өзгөчөлүктөрүнө да шайкеш келе турган билим берүүгө жаңыча мамилени түзүү тууралуу болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, кыргыз тили, тарых жана география мамлекеттүүлүк, улуттук баалуулуктар жана өлкөнүн келечеги менен түздөн-түз байланышкан предметтер болуп саналат.

741606712_1686071276013826_5960211249269388193_n
"Биз мамлекеттүүлүктү, улуттук баалуулуктарды жана келечекти аныктай турган үч предметти жаңыртуу алдында турабыз. Ар кандай мамлекеттин негизи – бул анын аймагы, эли жана тили. Андан кийин мамлекеттик символдор келет", – деди министр.

Ал 12 жылдык билим берүү тутумуна өтүү Кыргызстандын өзүнүн маданий жана тарыхый өзгөчөлүгүн сактап калуу менен бирге, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялануусуна мүмкүнчүлүк ачарын баса белгиледи.

Жаңы окуу китептери балдарды ойлонууга үйрөтүшү керек

Министр кыргыз тилин окутуу ыкмасын өзгөртүү зарылчылыгына көңүл бурду. Бул предмет мектептерде биринчиден он биринчи класска чейин окутулганына карабастан, бүтүрүүчүлөрдүн бир бөлүгүндө тилди түшүнүү жана колдонуу көйгөйлөрү бар.

"Биз кыргыз тилин 11 жыл окуйбуз, бирок окуу жана түшүнүү көндүмдөрү жок балдар бар. Ошол эле учурда бир дагы мугалим жаман окуттум деп айтпайт, жана бир дагы автор өзүнүн окуу китеби жетишсиз сапатта болчу деп айтпайт", – деди ведомство башчысы.

Анын айтымында, дал ушул себептен улам жаңы окуу китептерине болгон талаптар бир топ жогорулады. Баланы өнүктүрүүгө, анын талдоо, изилдөө жана өз алдынча чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган материалдарды түзүү башкы критерий болуп калды.

Жаңы окуу-методикалык комплекстердин негизине мамлекеттик, үй-бүлөлүк жана жеке баалуулуктар, ошондой эле мекенчилдик, чынчылдык, адилеттүүлүк жана жаратуучулук принциптери түптөлөт.

743744019_1549045296673952_6132032780267778914_n

Окуу китептерин иштеп чыгуу "Уңгу жол" жана "Кыргыз жараны" концепцияларына ылайык жүргүзүлөт.

"Бизге балдарга, алардын чыгармачылыгын жана ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган китептер керек. Эски ыкмалар иштебей калды, анткени азыркы балдар көбүрөк маалыматка ээ, көп изденишет жана тезирек талдашат", – деди министр.

Окуу китептери санариптик мүмкүнчүлүктөргө ээ болот

Жаңы окуу китептерине коюлган башкы талаптардын бири – заманбап технологияларды колдонуу болот.

Министрдин айтымында, китептерге QR-коддор киргизилет, алардын жардамы менен окуучулар архивдик материалдарга, видеолорго, тасмаларга жана кошумча билим берүүчү ресурстарга мүмкүнчүлүк ала алышат.

Кендирбаева белгилегендей, мындай мүмкүнчүлүктөр окуучулардын изилдөөчүлүк жөндөмдүүлүгүн, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана туура чечим кабыл алуу билгичтигин өнүктүрүүгө жардам берет.

"Биздин милдет – биринчи класстан баштап мектепти аяктаганга чейин бирдиктүү багыт сакталышы керек: окуу, ойлонуу жана изилдөө", – деди ал.

Тарых архивдик маалыматтарга негизделет

Жаңы окуу китептерин түзүүдө өзгөчө көңүл Кыргызстандын тарыхына бурулат.

Министр бул предмет максималдуу түрдө тең салмактуу жана илимий мамилени талап кыларын баса белгиледи, анткени тарыхый окуялар бир гана тастыкталган булактардын негизинде окутулушу керек.

"Тарых – татаал тема. Биз аны архивдик материалдар аркылуу гана таанып-билишибиз керек. Бардык өзгөрүүлөр жана окуялар расмий органдар тарабынан тастыкталгандан кийин гана колдонулушу зарыл, анткени бул абдан сезимтал жана жоопкерчиликтүү тармак", – деди Кендирбаева.
742001919_27133665449669515_6981417143939356323_n

Анын айтымында, өлкөнүн бардык жарандары үчүн бириктирүүчү негиз катары мамлекеттик тил жана "Кыргыз жараны" концепциясы калышы керек.

Окуу китептерин айрым авторлор эмес, командалар түзөт

Министр ошондой эле жаңы окуу китептери жеке авторлор тарабынан эмес, адистердин жамааттары тарабынан иштелип чыгарын билдирди.

Командалардын курамына заманбап билим берүү технологияларын, чет тилдерин билген жана кыргыз тилин жакшы өздөштүргөн эксперттер кириши керек.

"Башкы нерсе – бир адамдын окуу китебинин автору болуу каалоосу эмес. Окуучунун ой жүгүртүүсүн, изилдөө көндүмдөрүн жана жеке сапаттарын өнүктүрө турган китеп түзүү маанилүү. Окуу китеби түзүлгөндөн кийин ал мамлекеттин байлыгына айланат", – деп баса белгиледи министр.

Ал иштеп чыгуучуларды улутуна карабастан Кыргызстандын бардык жарандарынын ортосундагы биримдикти чыңдоого көмөктөшө турган бирдиктүү билим берүү багытын түзүүгө чакырды.

Кыргызстан сырткы басмаканалардан азыраак көз каранды болот

Догдургүл Кендирбаева ошондой эле өлкөдө эгемендүүлүк жылдарынан бери биринчи жолу өзүнүн окуу адабияттарынын базасын түзүү боюнча системалуу иштер башталганын жарыялады.

Анын айтымында, мамлекет кыргыз илиминин жана маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн, анын ичинде Касым Тыныстановдун мурастарынын негизинде окуу китептерин чыгарууга киришти.

"Эми биз башкалардан көз каранды болбошубуз керек. Биздин өзүбүздүн сапаттуу окуу адабияттарыбыз болушу шарт", – деп белгиледи министр.

Ал ошондой эле мамлекеттик мектептерде да, менчик мектептерде да тарыхты окутууда бирдиктүү мамиле болушу керектигин белгиледи.

Мамлекеттик тил жана билим берүү – стратегиялык багыттар

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев кыргыз тилин өнүктүрүү мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринин бири катары калып жатканын белгиледи.

"Кыргыз тили акыркы 35 жылда кандай кыйынчылыктарды баштан кечирген болсо, бүгүн аны өнүктүрүү дал биздин колубузда. Биз билим берүү тутумунда аны заманбап ыкмалар менен окутуп, өнүктүрүшүбүз керек", – деди ал.

Өз кезегинде мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жаңы окуу китептери улуттук баалуулуктарды жана мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын чагылдырышы керектигин баса белгиледи.

742462528_1048696521048531_7384091538989486303_n

Анын айтымында, сапаттуу билим берүү, тарыхый эстутумду сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мекенчилдикке тарбиялоо келечек муунду калыптандыруунун негизи болуп саналат.

"Өлкөнүн келечеги улуттук баалуулуктарды сыйлаган жана дүйнөлүк деңгээлде атаандашууга жөндөмдүү билимдүү жаштар менен байланыштуу. Жаш жарандар Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошуп, өлкөнү жаңы бийиктиктерге чыгарышы керек", – деп белгиледи Койчиев.

Билим берүүнүн жаңы модели – дүйнөлүк стандарттар менен улуттук өзгөчөлүктүн айкалышы

Тегерек үстөлдүн катышуучулары жаңы окуу-методикалык комплекстер заманбап билим берүү талаптарына жооп бериши, окуучулардын билим сапатын жогорулатышы жана функционалдык сабаттуулукту калыптандырышы керектигин белгилешти.

Жаңыртуунун алкагында ошондой эле компетенттүүлүк мамилесин күчөтүү, санариптик ресурстарды колдонууну кеңейтүү жана кыргыз тили, тарых, география предметтерин окутуунун сапатын жогорулатуу пландаштырылууда.

Жаңы окуу адабияттарынын башкы максаты – терең билимге, сын көз караш менен ой жүгүртүүгө ээ, улуттук баалуулуктарды сыйлаган жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде ийгиликтүү өнүгүүгө жөндөмдүү муунду даярдоо болуп саналат.