Бишкек, 21.08.26 /Кабар/. Кыргызстанда билим берүү тармагын каржылоо акыркы жылдары олуттуу жогорулап, 2021-жылы тармакка 40 млрд сом бөлүнсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 75 млрд сомго жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө” аталышындагы Улуттук педагогикалык форумдун ачылышында билдирди.
Анын айтымында, акыркы 5 жылда өлкө боюнча 390дон ашык жаңы мектеп курулуп, 110дон ашык мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
“Бүгүн курулуп жаткан жаңы Кыргызстандын эртеңки тагдыры — бүгүнкү балдардын билиминен жана мугалимдин эмгегинен көз каранды. Билим менен тарбияны айкалыштырып, мугалимдерди колдоо жана билим берүү системасын тынымсыз өнүктүрүү аркылуу гана биз максаттарыбызга жетебиз”, - деди Касымалиев.
Билим берүүнүн сапаты боюнча да оң көрсөткүчтөр бар экендиги белгиленди. Мисалы, быйыл кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадаларда алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушкан.
Ошондой эле Жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо көрсөткүчү 119,8 баллдан 128 баллга жогорулап, быйылкы жылы 56 окуучу алтын сертификатка ээ болгондугу кошумчаланды.