Тил күнү. “Кыргызтест” тилди өнүктүрүүдө кандай салым кошууда?

Маек Загрузка... 23 Сентябрь 2025 09:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

23-сентябрь – Тил күнү. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана жарандардын кыргыз тилин билүү деңгээлин жогорулатууга салым кошуп келе жаткан мекемелердин бири – “Кыргызтест”. 2018-жылдан бери мекеме 18 миңге жакын жаранды тесттен өткөрүп, чет өлкөдөгү жарандар үчүн жеткиликтүү тест системасын ишке киргизип, тесттин географиясын кеңейтип, мобилдик тиркемелерди жана методикалык колдонмолорду түзүп келет. “Кыргызтесттеги” бул жана башка дагы алгылыктуу иштер тууралуу мекеменин директору Батма Топоева-Ставинская кеңири айтып берет.

- “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси качан түзүлгөн? Анын башкы максаты жана аткарып жаткан башкы функциялары кандай?

- “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси 2018-жылы түзүлгөн. Негизги максаты – Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошуу. Баарыбызга маалым болгондой, кыргыз тили расмий макамга ээ болгондугуна быйыл 36 жыл толуп отурат. Бул жылдар арасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган алгылыктуу иштердин катарында "Кыргызтест" системасы түзүлүп, алгач сынамык иретинде 2015-жылы мамлекеттик кызмат чөйрөсүнө, андан кийин 2016-жылы билим берүү чөйрөсүнө киргизилди.

Ошондой эле “Кыргызтесттин” келечегине жол ачкан ишенимдүү кадамдар - 2017-жылы президентикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүнө коюлган талаптарга ылайык уюштурулган тесттерден башталып, өкмөттүн 2017-жылдагы токтомунун негизинде өлкө боюнча массалык тест тапшыруу иштери бекемделген.

Ошентип 2018-жылдан бери алгач мамлекеттик тилден, ал эми 2020-жылдан бери өлкөбүздө расмий макамга ээ болгон орус тилинен тесттер үзгүлтүксүз жүргүзүп келүүдө.

- Мекеме бул жылдар аралыгында кандай долбоорлорду ишке ашырды?

-Бул жылдар биз үчүн өтө жоопкерчиликтүү, чечкиндүү кадамдардын жылдары болду. Өлкөбүздүн тест системасынын пайдубалын түптөгөн, багытын аныктаган бир топ маанилүү долбоорлор ишке ашырылды. Биринчиден, постсоветтик мамлекеттердин ичинде бизде гана, электрондук тест программасы иштелип чыгып, республика боюнча тесттер массалык түрдө жүргүзүлө баштады. Тест жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жана географиясын кеңейтүү максатында тест онлайн тартибинде да ишке киргизилди. Тагыраак айтканда, 2019-жылы тарыхыбызда биринчи жолу Санкт-Петербург шаарында сынамык иретинде онлайн жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчиликтеринин өкүлдөрү тестти толугу менен онлайн түрүндө аралыктан тапшырууда.

Ошол эле 2019-жылы жарандарыбыздын мамлекеттик тилден тестке даярдануусун жеңилдетүү үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Ал мекеменин сайтына жайгаштырылган.

Мындан сырткары тест системасын түптөө үчүн иштелип чыккан Деңгээлдик талаптар, Лексикалык жана грамматикалык минимумдар мугалимдер жана окутуучулар арасында жайылтылып, окуу программаларын жана окуу методикалык колдонмолорду түзүүдө керектелип жатат.

“Кыргызтест” системасынын ишке киргизилиши өлкөдөгү билим берүү деңгээлин жакшыртууга да түрткү берип келет.

- 23-сентябрь – кыргыз тил күнү катары белгиленип келет. “Кыргызтест” мекемеси мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүүгө кандай салымын кошууда?

- Өлкөбүздө мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо кызматы жалпы элибиздин ишенимине, колдоосуна ээ болгондуктан өлкө башчысы тарабынан мамлекеттик тилдин макамын Конституциялык деңгээлге көтөрүүгө жол ачты. Учурда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин өнүктүрүүгө багытталган расмий токтомдор кабыл алынып, коомубуздун бардык чөйрөлөрүндө иштиктүү чаралар көрүлүүдө.

– Алгачкы жылдар жана акыркы мезгилдер арасындагы тест тапшыруучулардын статистикасы кандай болуп өзгөрдү?

- Эң алгач, 2018-жылы массалык түрдө республика боюнча 18 319 адам тесттен өткөн. Ошол жылдан баштап милдеттүү түрдө тест тапшыруу уланып, бүгүнкү күндө акыркы жарым жылда эле тестти ыктыярдуу түрдө тапшыргандардын саны 11 миңге жетти.

- Тест тапшыруучулардын тил билүү деңгээли жогоруладыбы?

- Ооба, 2018-жылга салыштырмалуу тест тапшыруучулардын тилди билүү деңгээли 20%га жогорулады.

- Мекемеде тест системасын өркүндөтүү боюнча дагы кандай пландар, долбоорлор каралууда?

- “Кыргызтест” системасын өркүндөтүү боюнча учурда да алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Айта кетсек, 2018-жылы негизинен мамлекеттик тилди билүү деңгээлин гана аныктап келсек, 2020-жылдан бери расмий тилден да тесттерди уюштуруп жатабыз. Ал эми 2027-жылдан баштап, БУУда расмий кабыл алынган эл аралык тилдер боюнча тесттерди "Кыргызтестке" киргизүү жагы да каралууда. Ошондой эле мекемебиздин 2025-2030-жылдарга мерчемделген иш планында негизги ишибизден тышкары тилдерди билүү деңгээлин жогорулатууга шарт түзүүчү заманбап окуу колдонмолорун иштеп чыгуу да каралган.