Кыргыз телерадиоберүүсүнүн көрүнүктүү өкүлү Бурулуш Батаканова дүйнөдөн кайтты

Коом
Кыргыз телерадиоберүүсүнүн көрүнүктүү өкүлү Бурулуш Батаканова дүйнөдөн кайтты
copyright icon www

Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын коомчулугу жана журналисттик коомчулук оор жоготууга учурады.

Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында 67 жаш курагында кыргыз телерадиоберүүсүнүн көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз Республикасынын байланыш тармагынын эмгек сиңирген кызматкери Батаканова Бурулуш Топчиевна дүйнөдөн кайтты.

Батаканова Бурулуш Топчиевна 1959-жылдын 1-мартында Нарын шаарында төрөлгөн. Ал өмүрүнүн 45 жылын ата мекендик телерадиоберүүнү өнүктүрүүгө арнаган. Жогорку кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана көп жылдык ак ниет эмгеги менен тармакты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон.

Эмгек ишмердүүлүгүн инженер болуп баштап, Бурулуш Топчиевна телевидение цехинин инженеринен Республикалык радиотелеборбордун башкы директорунун орун басарына чейинки жолду басып өткөн. Иштеген жылдарында телерадиоберүүнүн техникалык базасын чыңдоого, өндүрүштүк процесстерди өркүндөтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана тармактын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө катышкан.

Анын жетекчилиги астында телерадиоберүү системасынын үзгүлтүксүз жана сапаттуу иштешин камсыз кылуу, техникалык инфраструктураны жаңылоо жана тармактын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Бурулуш Топчиевна кесиптештеринин арасында жогорку квалификациялуу адис, тажрыйбалуу жетекчи жана жаш муундун устаты катары терең урмат-сыйга ээ болгон.

Бурулуш Батаканованын көп жылдык ак ниет жана үзүрлүү эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланган. Ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган, "Кыргыз Республикасынын байланыш тармагынын эмгек сиңирген кызматкери" ардактуу наамына татыган жана "Даңк" медалы менен сыйланган.

Бурулуш Батаканованын кесиптик ишмердүүлүгү улуттук телерадиоберүүнүн калыптанышы жана өнүгүшү менен ажырагыс байланышта болгон. Ишине берилгендиги, жоопкерчилиги жана адамдык асыл сапаттары ага кесиптештеринин чын ыкластуу урмат-сыйын жана коомчулуктун таануусун алып келген. Ал кийинки муундар үчүн кесипке кызмат кылуунун татыктуу үлгүсүн калтырды.

Бурулуш Топчиевнанын ата мекендик телерадиоберүүнү өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы, анын ак ниет эмгеги жана жаркын элеси кесиптештеринин, шакирттеринин жана коомчулуктун жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана орду толгус жоготуунун азабын тең бөлүшөбүз.

Бурулуш Батаканованын жаркын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө калат.

А.А. Касымалиев, У.Э. Маматканов, М.К. Мамбеталиев, Д.Т. Орунбеков, А.Ж. Алагозов, С.С. Сарногоева, У.А. Сатиев, Э.Д. Догдурбеков, М.А. Шерметалиев, Г.Ж. Байтерек, Ж.Ж. Карбосова, А.О. Кулматов, Е.В. Жолобова, И.А. Балташев.