Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Кыргыз-тажик алакасы ордуна келип, мурдагыдай эки элдин ортосундагы достук мамилесинин уланышы маанилүү. Бул тууралуу Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, мамлекеттик ишмер Алмамбет Матубраимов “Кабар” агенттигине билдирди.
Ал эки мамлекеттин ортосундагы саясий-экономикалык, социалдык, дипломатиялык маселелеринин чечилиши өнүгүүнү арттырарын айтты.
“Коңшу мамлекет менен жакшы мамиледе болушубуз керек. “Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык” деген кыргыздын макалы бар. Союз тарагандан бери чечилбей келген чек ара маселеси чечилиш керек болчу. Чек ара маселеси чечилбесе, мамлекеттеги тынчтык, ынтымак, эки элдин ынак коңшулук мамилеси болбойт. Мына эми чек ара такталып, бул маселе чечилди, эки өлкөнүн бири-бирине кое турган дооматы болбойт. Тажикстандын президенти Кыргызстанга келип, бир катар келишимдерге кол коюлду. Эки мамлекеттин ортосундагы саясий-экономикалык, социалдык, дипломатиялык маселелер чечилип, бир мунасага келиши бул өнүгүүнү арттырат десем жаңылышпайм. Кыргызстанда тажиктер, Тажикстанда кыргыздар жашайт, жол ачылып, туугандык карым-катыш өнүгөт. Ошондуктан бул жердеги алакалар ордуна келип, мурдагыдай эки элдин ортосундагы достук уланышы маанилүү”, - деп белгиледи ал.