Кыргыз-тажик чек ара маселеси биротоло чечилгени турат - Абдухалим Раимжанов

Коом Загрузка... 12 Март 2025 10:01
WhatsApp Image 2025-03-12 at 07.06.08.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасы чечилип, эми өлкө президенттери тиешелүү документке кол коюу алдында турат. Бул тууралуу “Рудаки” атындагы тажик коомдук бирикмесинин президенти, Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору Абдухалим Раимжанов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 4 жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тиешелүү иштер аткарылгандан кийин эки тарап бир чечимге келип, чек ара маселеси чечилүү алдында турат.

“Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келсе биринчиден президент, парламент жана өкмөт башчысы менен сүйлөшүүлөр жүрүп, чек ара маселеси чечилип, эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө. Белгилей кетсек, эки өлкө тең 94-95 пайыз аймагын тоолор ээлген тоолуу өлкөлөр. Ошондуктан окшоштуктар көп, көйгөйлөрү да бирдей”, - деди Абдухалим Раимжанов.

Ошондой эле Абдухалим Раимжанов Кыргызстанда тажик улутунун өкүлдөрү кыргыз эли менен ынтымакта жашап келе жатышканын кошумчалады.

“Мисалы, Баткен облусунун Үч-Коргон айылында көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Кыргыздар, тажиктер, өзбектер, түрктөр, орустар, татарлар жана башка улуттун өкүлдөрү ынтымакта жашап келишет. Мында кыргыз менен тажиктин ортосунда түзүлгөн үй-бүлөлөр абдан көп”,- деди Абдухалим Раимжанов.