Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Кыргыз элинин тарыхына арналган "Барсбек каган" тарыхый көркөм тасмасы 2026-жылдын 10-сентябрынан тартып өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, тасма "Каганат" аттуу беш бөлүктөн турган киноэпопеянын алгачкы бөлүгү болуп саналат. Анда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхындагы маанилүү доорлор көркөм чагылдырылган.
Долбоор Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата даярдалып, тасманы тартууда заманбап кинематографиялык ыкмалар жана жасалма интеллект технологиялары колдонулган.
Белгиленгендей, киноэпопеяны жаратууга Кыргыз улуттук "Манас" театры да чыгармачылык салым кошкон.