"Кыргыз ренессансы": Мамлекеттик катчы улуттук жандануунун жаңы стратегиясын сунуштады

Коом Загрузка... 26 Февраль 2026 09:02
65c60bf9-2a15-4adf-ae69-c7087cfba28a.jpg

Мамлекеттик катчы, жазуучу жана тарыхчы Арслан Койчиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз ренессансы" долбоору — улуттук маданий жана интеллектуалдык өнүгүүнүн жаңы этабын баштоого багытталган стратегиялык демилге болууда. Бул демилгенин негизги максаты — өткөн кылымдагы "кыргыз маданиятынын алтын доорун" же өткөн кылымдагы тарыхыбызда "кыргыз керемети" деп аталган феноменди жаңы Кыргызстанда кайра жаратуу болууда.

Алтын доор феномени жана тарыхый параллелдер

XX кылымдын экинчи жарымында кыргыз маданияты, адабияты, киносу жана илими дүйнөлүк деңгээлде таанылган. Бул мезгилде кыргыз интеллигенциясы улуттук көркөм ой жүгүртүүнүн, гуманисттик баалуулуктардын жана философиялык тереңдиктин үлгүсүн көрсөтө алган. Дал ошол муун кыргыз маданий-илимий имиджин калыптандырып, улуттук өзүн-өзү аңдоонун бекем пайдубалын түптөгөн. Бүгүнкү күндө "Кыргыз ренессансы" долбоору ошол тарыхый тажрыйбаны механикалык түрдө кайталоону эмес, анын руханий өзөгүн — интеллектуалдык эркти, чыгармачылык эркиндикти жана улуттук жоопкерчиликти заманбап шартта жаңылоону көздөп жатат.

"Кимди тирилтебиз?" – символдук суроо

Арслан Капай уулу Койчиевдин бүгүн дагы жазылып жаткан, окурмандардын калың катмарына толук жарыялана элек романында көтөрүлгөн "Кимди тирилтебиз?" деген суроо философиялык жана символдук мүнөзгө ээ. Бул суроо тарыхый инсандарды физикалык жактан кайтаруу эмес, улуттук интеллигенциянын руханий миссиясын кайра жандандыруу зарылдыгын билдирет. Чындыгында, эч кимди түз мааниде "тирилтүү" мүмкүн эмес. Бирок интеллектуалдык мурасты уланткан, коомдук аң-сезимге таасир бере алган, дүйнөлүк маданий мейкиндикте атаандаша ала турган жаңы муунду тарбиялоо — бул реалдуу жана стратегиялык милдет. Демек, "тирилтүү" түшүнүгү — бул идеяларды улантуу, интеллектуалдык салтты калыптандыруу, улуттук маданий капиталды көбөйтүү.

Жаңы толкун жана эгемендүүлүк мууну

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин туулган муун бүгүн активдүү калыптануу стадиясында турат. Бул муун глобалдашкан дүйнөдө жашап, санариптик мейкиндикте эркин аракеттенет, креативдүү ой жүгүртөт жана коомдук процесстерге активдүү катышат. "Жаңы толкун" концепциясы дал ушул жаштарды системалуу түрдө колдоого алууну, алардын талантын мамлекеттин деңгээлинде баалоону жана дүйнөлүк деңгээлге чыгарууну максат кылып жатат. Мамлекеттик катчынын бул демилгеси жаштарга моралдык гана эмес, институционалдык кепилдик берүү менен айырмаланат. Башкача айтканде, бул — жеке демилге эмес, мамлекеттик деңгээлдеги маданий саясаттын бир бөлүгү.

Интеллигенцияны "жасоо" феномени

Кыргыз коомунда интеллигенция табигый жол менен жаралат деген түшүнүк кеңири тараган. Бирок тарых көрсөткөндөй, интеллектуалдык элита максаттуу саясаттын, билим берүү системасынын жана коомдук колдоонун негизинде калыптанат. Демек, бүгүнкү күндүн талабы — интеллигенцияны "жаратуу" эмес, аны системалуу түрдө өстүрүү. Бул жерде белгилүү композитор жана мамлекеттик ишмер Түгөлбай Казаков айткан: "Теңир, биздин элден назарын биротоло буруп коё элек" деген ой терең символдук мааниге ээ. Эл ичинде талант бар, потенциал бар, руханий ресурс бар. Маселе — ошол ресурсту көрө билүүдө, аны колдоодо жана туура багыттоодо. "Эл ичи — өнөр кенчи" деген накыл сөз дал ушул идеяны бекемдейт. Уучубуз куру эмес. Болгону талантка дем, мүмкүнчүлүк жана мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык колдоо зарыл.

Кыргыз ренессансы: маданий имидж жана дүйнөлүк интеграция

Азыркы шартта "ренессанс" түшүнүгү ички гана өнүгүүнү эмес, эл аралык маданий атаандаштыкты да камтыйт. Кыргыз маданиятынын, илиминин жана интеллектуалдык потенциалынын дүйнөлүк имиджин түзүү — бул улуттук коопсуздуктун жана мамлекеттин "жумшак күчүнүн" (soft power) маанилүү элементи. Ошондуктан "Кыргыз ренессансы" бул — улуттук иденттүүлүктү бекемдөө, интеллектуалдык капиталды өстүрүү, жаш таланттарды институционалдык колдоо, дүйнөлүк маданий диалогго активдүү кошулуу.

"Кимди тирилтебиз?" деген суроого жооп бирөө: биз өткөн доордун улуу инсандарын эмес, алардын руханий миссиясын уланткан жаңы интеллигенцияны калыптандырышыбыз керек. Кыргыз ренессансы — бул ностальгия эмес, бул стратегия. Бул өткөнгө сый-урмат менен карап, келечекке жоопкерчилик менен кадам таштоо. Урматтуу замандаштар, бул процесс сырттан келбейт. Ал ар бирибиздин интеллектуалдык салымыбыздан, демилгебизден жана жоопкерчилигибизден башталат. Кыргыз ренессансын бирге жаратуу — бул тарыхый мүмкүнчүлүк гана эмес, тарыхый милдет.