Күн мурун Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул кыргыз-монгол дипломатиялык мамилелеринин тарыхындагы маанилүү окуя болуп калды.
Жогорку даражалуу конокту "Манас" аэропортунан кыргыз лидери өзү тосуп алды. Бул эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн сапарга өзгөчө маани берилгендигинин белгиси.
Жолугушуу аземинин маданий бөлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Улуттук музыкалык чыгармаларды аткарган кыргыз өнөрпоздорунун катышуусунда мамлекет башчылары үчүн концерттик программа уюштурулду.

Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 22-апрелинде түзүлүп, калыптана баштаган. Ушул 30 жыл аралыгында дипломатиялык мамилелер өлкөлөрдүн жаңы тарыхында алгачкы таанышуудан өнөктөштүккө өткөн. Эксперттер мындай пассивдүү кызматташуунун себеби эки өлкөнүн бири-биринен географиялык алыстыгы, деңизге чыгуу жолдорунун жоктугу жана окшош логистикалык көйгөйлөр менен байланыштырат.
Эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө чоң түрткү берген учур - бул президент Садыр Жапаровдун монголиялык кесиптешинин чакыруусу боюнча 2023-жылдын июль айында Монголияга болгон биринчи мамлекеттик сапары. Ошондогу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өлкө башчылары Кыргызстан менен Монголиянын достук жана кызматташтыкты орнотуу боюнча биргелешкен декларациясына кол коюшкан.
Монголиянын президентинин Кыргызстанга болгон бул иш сапары эки тараптын мамилелерин жогорку деңгээлде өнүктүрүүгө болгон умтулуусун айгинелеген жооп визити болуп саналат.

Аталган сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин тар жана кеңири курамдагы жолугушуулары өтүп, экономикадан маданиятка чейин түрдүү тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтерге кол коюлду. Эксперттер бул сапардын экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруларын белгилешти.
Кызматташууда дагы бир артыкчылыктарынын бири – Улан-Батордун ЕАЭБ менен соода келишими бар, ал айрым товарларга бажы төлөмдөрүн азайтууну же нөлгө түшүрүүнү карайт.
Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров белгилегендей, азыр экономикалык өз ара аракеттенүүнүн келечеги бар, тараптар алдыдагы жылдарга кызматташтыктын бекем негизин түзүү үчүн дыкаттык менен иштеп жатышат.

"Чынында эле товар жүгүртүү азырынча аз, жылына 10 млн доллардын тегерегинде. Бирок, жакынкы аралыкта бул көрсөткүчтү 50 миллионго чейин көбөйтүү ниети бар. Белгиленген максатка жетүүгө жана өсүштүн жаңы чекиттерин табууга Монголиянын президентинин Бишкекке болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өтө турган бизнес-форум өткөрүү пландалган. Жогорку деңгээлде кол коюуга 10дон ашык документ даярдалган жана бул абдан жакшы көрсөткүч. Мамлекеттер аралык сооданын түзүмүндөгү товарлардын түрлөрү жөнүндө сөз кыла турган болсок, ал дагы кыйла кеңейет. Кыргызстан өнөр жай товарларын, жаңгак, бал, айыл чарба продукцияларын жеткире алат. Ал эми Монголиядан бизге айрым минералдык сырьелорду, кашемирди, терини сатып алуу пайдалуу. Президенттердин ниеттери абдан олуттуу, бул жөн гана соода эмес, санариптик технологиялар, айыл чарбасы, туризмди өнүктүрүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландары бар. Ал эми өз ара инвестициялар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Дагы бир абдан маанилүү жагдай - бул Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу, бул транспорттук коридор аркылуу биз, анын ичинде Монголиянын рыногуна түз жол алабыз, ал эми Улан-Батор өзү үчүн Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүнө кыска жол ачат. Бул абдан ыңгайлуу маршруттар болот жана бул жол менен поезд жүрө баштаганда сооданы өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр горизонту кыйла кеңейет", - деди Төлөнбек Абдыров.

Сапардын программасында кыргыз-монгол бизнес-форуму өттү. Иш-чара эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы ишкер байланыштарды түзүү жана жаңы инвестициялык долбоорлорду талкуулоо үчүн аянтча болду.
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары эки тараптуу диалогду бекемдөөдөгү маанилүү учур болуп саналат. Эксперттердин айтымында, бул сапар соода, транспорт, туризм жана маданий алмашуу сыяктуу тармактарда кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Текстиль өнөр жайы тармагында кызматташуунун мүмкүнчүлүгү өзгөчө кызыгууну жаратат, анткени эки өлкөнүн тең жүн иштетүү жана улуттук кийимдерди өндүрүү боюнча тажрыйбасы бар.
Экономика илимдеринин кандидаты, доцент Кеңешбек Алимбеков Кыргызстан Монголиянын тоо-кен тармагындагы жана экология жаатында тажрыйбасын колдонсо болорун белгиледи.
"Монгол лидеринин сапары кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган. Бул эки өлкө үчүн абдан маанилүү, анткени бизде жалпы окшоштук - көчмөн маданияты бар. Албетте, сапардын негизги максаты – экономикада, социалдык-маданий багыттарда кызматташтыкты өнүктүрүү. Акыркы убакта Монголия алтын кендерин ийгиликтүү өздөштүрө баштады. Бул жагынан алардын тажрыйбасы бизге пайдалуу болмок. Аларда экологиялык жаатта да тажрыйба бар. Алар кыска убакыттын ичинде зыяндуу заттардын чыгышын азайтып, борбор калаасы Улан-Батордогу ыштан арылууга жетишти. Бишкекке алардын тажрыйбасы пайдалуу болот", - дейт Кеңешбек Алимбеков.
Монголиянын башчысынын Бишкекке болгон сапары Кыргызстандын эл аралык байланыштарын чыңдоого жана аймактагы көп векторлуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган президент Садыр Жапаровдун активдүү дипломатиялык саясатынын ачык далили болуп саналат. Кыргызстандын президентинин тышкы саясаттагы ишмердиги дипломатиялык мамиле түзгөн өлкөлөр менен проктоколдук эле иш-чаралары бойдон калбастыгын дипломат, өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчи, тышкы саясат боюнча эксперт Данияр Сыдыков "Ала-Тоо 24" каналына берген маегинде айтты.
"Акыркы бир нече жыл эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө ушундай динамика берди. Менин оюмча, буга Кыргызстандын президенти аныктаган активдүү тышкы саясаты өбөлгө түзүүдө. Ал эми Монголиянын президентинин азыркы сапары 2023-жылы Садыр Жапаровдун Монголияга болгон сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын бекемдейт. Эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берет. Анткени бизде эч кандай саясий келишпестиктер жок. Биз Монголия менен көп тараптуу аянтчаларда да активдүү кызматташып жатабыз. Биз ШКУга мүчө мамлекетпиз, ал эми Монголия – байкоочу. Монголия Россия жана Кытай менен активдүү кызматташат. Демек, биздин ал жакта да кызматташууга тийишүү мүмкүнчүлүктөрүбүз бар", - дейт Данияр Сыдыков.

Кыргызстан менен Монголия — тарыхый жактан достук байланыштары бар мамлекеттер, алардын тамыры терең байыркылыкка кетерин баса белгиледи Садыр Жапаров жолугушууда.
"Бүгүнкү күндө дал ушул ишенимдүү негизде биздин азыркы ачык, тең укуктуу жана өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген диалогубуз курулууда. Монголия менен ар тараптуу кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат", - деди президент өз сөзүндө.
Өз кезегинде Ухнаагийн Хурэлсухтун жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирдип, азыркы мамлекеттик сапар оң динамиканын уландысы болуп, эки тараптуу мамилелердин укуктук базасын бекемдөөгө, ошондой эле айыл чарба, маданият жана илим тармактарында өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталган жаңы документтерге кол коюу менен коштолот деген ишенимин билдирди.
Иш сапар эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусундагы концерт менен жыйынтыкталат, бул Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы достуктун расмий гана эмес, элдик мүнөзүн да баса белгилейт. Мындай маданий иш-чаралар элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө өбөлгө түзөт жана узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн негиз жаратат.