Кыргыз милициясынын 101 жыл. ИИМдин унаа паркы жаңы техникалар менен толукталды

Коом Загрузка... 01 Ноябрь 2025 13:50
571995623_1221740426641623_5324590629101250173_n.jpg
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 01.11.25. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын милициясынын түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгына карата Ички иштер министрлигинин автопаркы жаңы жана заманбап техникалар менен толукталды.

Унааларды тапшыруу аземи Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта болуп өттү.

Ички иштер органдарына жалпы 101 унаа өткөрүлүп берилди, бул кыргыз милициясынын 101 жылдык мааракесине символикалык түрдө дал келет.

Жаңы техникалардын курамына төмөнкүлөр кирет:

- 81 даана JAK пикап унаасы

- 20 даана CHANGAN X5 PLUS жеңил автоунаасы

- 20 даана WY150T-9D скутери

- 2 даана CAN-AM SPYDER ROADSTER мотоцикли.

Бардык техникалар заманбап жабдуулар менен камсыздалып, милиция кызматкерлеринин ыкчамдыгын жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.