Кыргыз маданиятын Түштүк Кореяда тааныткан жаш талант Сырга Усупова менен маек

Маек Загрузка... 21 Апрель 2025 13:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө кыргыз жаштары дүйнөнүн булуң-бурчунда билим алып, эл аралык аренада өзүнүн таланты, билими жана аракеттенүүсү менен таанылып жатышат. Алар Түштүк Корея, Америка, Европа, Япония, Түркия жана башка өлкөлөрдө жогорку окуу жайларда билим алып гана тим болбостон, эл аралык долбоорлорго катышып, ийгилик жаратып, Кыргызстанды таанытып, ал тургай кыргыз маданиятын таанытууда зор салым кошуп жатышат. Алардын арасынан эл аралык олимпиадаларда жеңишке жеткендер, чыгармачылык жаатта ийгиликтерди багынткандар, ошондой эле улуттук аспап — комузду дүйнөлүк сахналарда жаңыртып, Кыргызстанды даңазалагандар да арбын.

Алардын бири учурда Түштүк Кореяда билим алып жаткан, кыргыз маданиятын корей улутуна таанытып жаткан жаш талант Сырга Усупова. Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги жаш таланттын чет өлкөдөгү ийгиликтери жана максаттары тууралуу маек курду.

- Түштүк Кореяда билим алуу кыялыңыз беле? Кайсыл тармак боюнча билим алып жатасыз?

- Мен 2004-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунда туулганмын. Ар бир кыргыз кызы сыяктуу эле жөнөкөй үй-бүлөдө чоңойгом. Азыркы учурда Түштүк Кореяда билим алып жатам. Маданиятка айрыкча кыргыз элинин улуттук аспаптарына кызыгуум чоң. Бош убагымда комуз чертип, өз маданиятыбызды мен сыяктуу башка өлкөлөрдөн келген досторума таанытканды жактырам.

Кореяда билим алуу бала чагымдагы кыялым эле. Мектеп учурунда эле чет өлкөдөгү билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгып изилдеп келгем. Алардын сап башында Түштүк Корея турчу. Окуу жайды тандап жатканда биринчи кезекте стипендия же болбосо, каражат жаатында жеңилдиктери барларын карадым. Карап отуруп, Logos компаниясы аркылуу 50% жеңилдик менен Түштүк Кореянын “Woosong University” деген окуу жайын таптым да, дароо ушул жака тапшырдым. Учурда мен бул жакта жасалма интеллект жана чоң маалыматтар, тагыраагы “AI & Big Data” багытында билим алып жатам.

- Түштүк Кореянын билим берүү системасы сиз үчүн канчалык деңгээлде кыйын болду? Жаңы чөйрөгө көнүү оор болгон жокпу?

- Башында бир аз оор болду. Себеби, жаңы өлкө, жаңы тил, жашооңдо көрө элек жаңы адамдар. Кореяда окуу тартиби Кыргызстандыкынан бир топ эле айырмаланат. Сабактар абдан тыгыз өткөрүлөт. Үй тапшырмалары аябай көп берилет. Мугалимдер студенттерден катуу жоопкерчиликти талап кылышат. Ага карата студенттер жоопкерчиликтүү болууга, берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууга аракет кылышат. Башында бул тартипке көнүп кетүү кыйынга турду. Бирок, убакыттын өтүшү менен акырындык менен көнүп кеттим. Түштүк Кореяда билим алып жатканыма абдан кубанам. Анткени, көп жаңычылдыктарды өзүмө алып, үйрөнүп жатам. Өзүмдү кандай гана тармакта болбосун өнүктүрүп жаткан кезим.

- Улуттук аспапка болгон кызыгууңуз кандайча пайда болуп, эмне үчүн комузду тандап алдыңыз эле? Черткенди кимден үйрөнгөнсүз?

- Комузга болгон кызыгуума атамдын көмөгү чоң болду. Атам өзү комуз черткенден эргүү алып, мени да ушул өнөргө багыттаган. Менин оюмча комуз атамдын бала кезиндеги орундалбай калган кыялы болуш керек. Ошондуктан мени дайыма үйдөн комуз черткенге үйрөтүп, шыктандырып турчу. Музыкалык мектепке дагы өзү алып барчу. Жада калса сабак бүткүчө 2-3 сааттап күтүп, кыш мезгилинде чанага сүйрөп алып барат эле. Ошол күндөр мен үчүн абдан баалуу. Азыр комуз менин жашоомдо чоң мааниге ээ. Бул менин маданиятка болгон сүйүүм жана атамдын мага болгон мээриминин белгиси. Атама бул өнөрдү мага үйрөтүп, маданият тармагына болгон кызыгуумду арттырганы үчүн ыраазымын.

- Кореяда өткөн эл аралык фестивалга чакыртуу алдыңызбы? Кандай барып калдыңыз?

- Кореяга келгенде комузумду кокусунан сындырып алдым. Көпкө чейин ойной албай жүрдүм. Жакында эле Кыргызстанга каникулга барып, комузумду оңдотуп келдим. Мекенимен келгенден тарта кубанычыма чек жок болуп, комузумду колуман түшүрбөй ойноп калдым. Бир күнү видеого комузумду чертип тартып, аны тиктокко жүктөп койгонмун. Күтүлбөгөн жерден ошол эле күнү Нооруз майрамына карата иш-чара өтмөк, келип чертип берсеңиз жакшы болмок деп суранып калышты. Ал жака барып чертип бердим. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова ал жерден менден Кыргызстан менен Түштүк Кореянын дипломатиялык мамилесинин 33 жылдыгына арналган иш-чарада чертип берсеңиз жакшы болмок деп суранды. Ошентип, Аида Исмаилованын сунушу менен, ушул фестивалда өз талантымды көргөздүм.

- Чет өлкөдө кыргыздын улуттук аспаптарын таанытуу эмне үчүн маанилүү деп ойлойсуз? Кореялык көрүүчүлөрдүн таасирлери кандай болду?

- Чет өлкөдө кыргыздын улуттук аспаптарын таанытуу зор мааниге деп ойлойм. Себеби, улуттук аспаптар аркылуу биз өзүбүздүн кыргыз маданиятын башка өлкөлөргө таанытууга жардам берет. Корейлердин биз комуз чертип жаткандагы тасирлерин сөз менен жеткирүүгө мүмкүн эмес. Өзгөчө Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсүндөгү “Оппа!” деп комузду көтөрүп ийинибизге коюп черткен кезде, укмуштуудай таңыркап карап калышты. Корейлердин басымдуу бөлүгү комуз тууралуу билишпейт. Ошол күнү баары келип комуз жана мени менен сүрөткө түшүп жатышты. Баары бизден “гитарабы” деп сурап жатышты. Биз бул комуз деп, аспап тууралуу айтып бергенибизден кийин үч эле кылы бар турбайбы деп абдан суктануу менен кармап көрүп жатышты.

- Келечекте Кыргызстан менен Кореянын маданий алакаларын бекемдөө боюнча максаттарыңыз барбы? Мындан сырткары, дагы кайсы өлкөлөрдө комуз чертип, кыргыз маданиятын тааныткыңыз келет?

- Ооба. Келечекте бул жаатта өз салымымды дагы да кошсом дейм. Комуз чертип, кыргыздын кооз күүлөрүн башка өлкөлөргө угузуп, элимдин бай тарыхын таанытсам деген кыялым бар. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, өзгөчө Японияда кыргыздын күүлөрүн жаңырткым келет. Мен үчүн өз өлкөмдүн жараны болуу жана аны таанытуу чоң сыймык.

- Сиз сыяктуу чет өлкөдө окуп, кыргыз маданиятын даңазалагысы келген жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Чет өлкөдө билим алып, кыргыз маданиятын даңазалайм дегендер биринчи кезекте өзүн көрсөтүүдөн тартынышпаса дейм. Анткени биздин маданиятыбыз бай жана кайталангыс. Кээ бир жаштарды байкап келем, көп учурда алар тартынып, өз таланттарын көрсөтпөй коюшат. Жадагалса кыргызмын деп айткандан уялган жаштар да бар. Маданиятыбызды таанытууну улуттук кийимдерди кийүүдөн баштасак болот. Биз кыргыздын орнаменти бар корсеттерди, футболкаларды кийип жүргөн кезде корейлер абдан суктануу менен карашып, улуттук кийимибиз тууралуу көп сурашат. Өз кезегинде биз улутубуз, жерибиз, маданиятыбыз тууралуу айтып беребиз.