Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 17-жыйыны өттү

Министрлер кабинети 17 Июль 2026 13:50
747217523_1479360847552400_7523995001010804209_n.jpg
748514514_1479360840885734_6000529292937102632_n (1).jpg
748718976_1479360857552399_644549226193677793_n.jpg
747290068_1479360910885727_3636313899567632051_n.jpg
747827197_1479360887552396_333369191142545605_n.jpg
748396841_1479360877552397_543852260831491100_n.jpg
746909357_1479360864219065_9190953852802440796_n.jpg
Алдыга
Артка
747217523_1479360847552400_7523995001010804209_n.jpg
748514514_1479360840885734_6000529292937102632_n (1).jpg
748718976_1479360857552399_644549226193677793_n.jpg
747290068_1479360910885727_3636313899567632051_n.jpg
747827197_1479360887552396_333369191142545605_n.jpg
748396841_1479360877552397_543852260831491100_n.jpg
746909357_1479360864219065_9190953852802440796_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Минкаб төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Кытай Эл Республикасынын коммерция министринин орун басары жана Кытайдын эл аралык соода сүйлөшүүлөрү боюнча төрагасынын орун басары Лин Цзи жетекчилик кылган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 17-жыйыны болуп өттү.

Анда сөз сүйлөгөн Эрлист Акунбеков кыргыз-кытай өкмөттөр аралык жыйыны Бишкекте боло турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жана Кытайдын жетекчилигинин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алдында өтүп жатышынын маанилүүлүгүн айтты. Ал бүгүнкү жыйын позицияларды теңдөөнүн, келечектеги аракеттерди координациялоонун жана эки отурумдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди ыкчам чечүүнүн негизги механизми катары кызмат кыла турганын билдирди.

"Мамлекет башчыларыбыздын саясий эрки жана жеке колдоосунун аркасында "Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан" темир жолу сыяктуу ири долбоорлордун курулушун баштадык. Үчүнчү "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пунктун ачып, Барскоон-Бедел-Үчтурфан-Аксуу автожолунун курулушун баштадык. Соода-экономикалык кызматташтыгыбыз жигердүү өнүгүүдө. Ал эми бүгүнкү жолугушуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жаңы дем берет деп ишенем", — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Өз кезегинде Кытайдын коммерция министринин орун басары Лин Цзи түрдүү чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө кытай тарап кызыкдар экенин айтты. Ал бул жолку жыйында көтөрүлгөн маселелер жана жетишилген макулдашуулар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүгө жаңы дем берерине ишенгенин билдирди.

Отурумдун күн тартибинде соода-экономикалык мамилелерди, транспорттук-логистикалык байланыштарды, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, каржы жана башка негизги тармактардагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча маселелер каралып, бул жаатта эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун өкүлдөрү баяндама жасашты.

Жыйындын соңунда тиешелүү протоколго кол коюлду.