Бишкек, 28.05.25. /Кабар/. Кыргызстанда 75-80 пайыз мектепте кыргыз классты бүткөндөр окуу жайларга барганда тилге байланыштуу дискриминацияга же кыйынчылыкка кабылганы менен аракет кылып окуп кетишет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде “Тилимпоз” социалдык долбоорунун негиздөөчүсү, филолог Тилек Мирлан билдирди.
Анын айтымында, кыргыз классты бүткөндөр тил билбейм деп эч кимди күнөөлөбөстөн китепканага барып окуп, жазганын кыргызча которуп, жаттап болсо да айтып берип окуу жайда окуп жүрүшөт.
“Мектепте кыргыз классты бүткөндөр канча тил билсем, ошончолук билимдүүмүн, дүйнө таануум кенен болот кабыл алышат. Алар деле кыргыз классты окуганыма күнөөлүмүнбү деп айтып чыгышса болот да. Болбосо жогорку окуу жайларынын, колледждердин көбү орусча окутканы бул факт. Биз тескерисинче аракет кылып, үйрөнүп, сүйлөп кетип жатабыз. Ошондуктан бул маселени бир тараптуу карабашыбыз керек. Биздин да укугубуз чектелбеши керек. Мамлекеттүүлүгүбүздүн негизи болгон тил маселесине келгенде андай суроолор талкууга жатпайт”, - деди “Тилимпоздун” негиздөөчүсү.
Ошондой эле “Тилимпоздун” негиздөөчүсү өлкөдө мамлекеттик тилдин өз ордун талаптагыдай табуусуна тоскоол болгон бир нече себептерин атады, алар:
- Билим берүү тутумуна жетишээрлик деңгээлде кыргыз тилиндеги окуу материалдар кирген эмес;
- Массалык маалымат каражаттарынын, филологдордун, мугалимдердин жетишерлик деңгээлде кыргыз тил илими боюнча билиминин жетишсиздиги;
- Кыргыз тилинин муктаждыгын, кадыр-баркын өзүбүздүн сезбегендигибиз;
Эскерте кетсек, 21-майда Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору жана “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда карап, жактырылды. Бирок, тил маселесине байланыштуу жыйын талаш-тартыш менен коштолду.