Бишкек, 22.08.2025. /Кабар/. Бүгүнкү жолугушууда кол коюла турган келишимдер кыргыз-казак мамилелеринде жаңы баракты ачат деп ишенем. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов “Ала-Тоо 24” телеканалынын түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 1847-жылы дал ушул күнү Капал шаарында, мындан так 178 жыл мурун, эки элдин өкүлдөрү жолугушуп, өз ара келишимге кол коюшкан.
“Мына ушул келишимге кол коюлган күн бүгүн, эки өлкө башчыларынын "Ынтымак Ордодогу" жолугушуусу менен дал келип жатканы жөн жерден эмес деп ойлойм. Ошол келишимде эки эл бири-бирине барымтачылыкты, кастыкты жана карым-катнашка доо кетире турган ар кандай терс мамилелерди токтотууга макулдашкан. Келишимде эң негизги “Эгерде биз бул келишимди бузуп, бири-бирибизге карасантайлык, душмандык менен мамиле кыла турган болсок, бизди жараткан өзү оор жазаласын” деген өзгөчө сөз айтылган. Ошондон бери, 178 жыл ичинде, кыргыз менен казактын ортосунда катуу каршылашуу, кагылышуу болгон эмес. Демек, кыргыз менен казак эли ошол жылдан бери эриш-аркак, ынтымакта жашап келүүдө. Бүгүнкү кол коюлган бир нече жаңы келишимдердин негизинде, эки өлкөнүн мамилелеринде жаңы барак ачылат деп ишенем”,-деди ал.
Молдокасымов белгилегендей, Совет доорунун алгачкы жылдарында да кыргыз-казак интеллигенциясынын ортосунда бекем байланыш болгон. Эки өлкөнүн агартуучулары жана акын-жазуучулардын ортосунда да жылуу мамиле түзүлгөн.
“Ал кезде кыргыз гезити жок болгондуктан, кыргыздын көрүнүктүү инсандары казак гезиттерине өз макалаларын жарыялашкан. Мисалы, Төрөкул Жанузаков аттуу өзгөчө интеллигент кыргыз уулу казак гезиттеринин биринде “Кыргызстан да башка элдердей болуп биригип, өз алдынча өнүгүшү керек” деген маанидеги макаласын жарыялаган.
1933-жылдары казак эли ачарчылыкка кабылган оор кезеңде, кыргыз эли өз өмүрүн тобокелге салып, резервдеги буудайларын берип, казактын жүз миңдеген адамын сактап калган. Айрым казактарды кыргыздар өз үйлөрүнө алып келип, багып да алган. Мындай кылымдар бою уланып келе жаткан тарыхый байланыш, тилдик жана маданий жакындык дүйнө жүзүндө сейрек кездешет. Албетте, ара-чолодо айрым келишпестиктер да болгон. Бирок, алардын баары азыр артта калды. Бүгүнкү кол коюлган келишимдер эки элдин ортосундагы мамилелерди дагы да тереңдетүүгө багытталган тарыхый күн болуп калат деп ишенем. Кошуна элдин жакшысын табуу кыйын. Борбор Азиядагы интеграция жана регионалдык кызматташтык эки элдин жакындыгына түздөн-түз байланыштуу. Биз келечекте кыргыз-казак мамилелери дагы да ишенимдүү, бекем багытта өнүгөт деп терең ишенебиз. Биз алдыга ишенимдүү карай кадам таштайбыз. Кечээ Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу ачылды. Бул дагы эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрөт деген үмүттөбүз”,- деп белгиледи ал.