Кыргыз-казак маданий кызматташтыгы: Астанада кыргыз тасмалары көрсөтүлүүдө

Маданият Загрузка... 31 Январь 2026 10:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги

Бишкек, 31.01.26 /Кабар/. 29-январда Астана шаарында Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги менен биргеликте Кыргыз киносунун күндөрүн ачты.

Элчиликтен билдиришкендей, ачылыш аземде Кыргызстандын элчиси Кудайберген Базарбаев казакстандык көрүүчүлөрдүн кыргыз кинематографиясына болгон туруктуу кызыгуусун белгилеп, буга чейин элчилик тарабынан тартууланган «Бейиш эненин таманында» тасмасы 2024-жылы Казакстанда кинопрокаттын лидери болгонун эске салды.

Казак тараптан Маданият жана маалымат министрлигинин Маданият комитетинин төрагасынын орун басары Сабит Барлыбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, маданий алмашуунун маанилүүлүгүн жана кыргыз кинематографисттеринин кесипкөйлүк деңгээлин баса белгиледи.

Иш-чарага Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, дипломатиялык миссиялардын башчылары, кыргыз диаспорасы, ошондой эле Астананын жогорку окуу жайларында академиялык алмашуу программалары боюнча билим алып жаткан кыргызстандык студенттер катышты.

Ачылыш тасмасы катары режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кара, кызыл, сары» тасмасы көрсөтүлүп, ал толо зал менен өтүп, көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратты. Бул окуя Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылды.

30-январда Кыргыз киносунун күндөрүнүн алкагында «Качкын» драмасы көрсөтүлдү.