Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. 10-августта Бишкектеги Кыргыз улуттук "Манас" театрында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүчү кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышынын тандоо туру өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, тандоо туруна республикалык жана эл аралык айтыштардын алдын ала баскычтарынан өткөн акындар катышат.
"Алар алым-сабак форматында күч сынашып, калыстардын чечими менен эң көп упай топтогон сегиз акын финалга жолдомо алат", - деп айтылат маалыматта.
Эл аралык айтыштын финалы 2-4-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда өтөт. Байге фонду 3 миллион сомду түзөт.