Кыргыз футбол биримдиги Сергий Пучков менен эмгек келишимин токтотту

Спорт Загрузка... 21 Февраль 2025 17:10
WhatsApp Image 2025-02-21 at 14.09.18.jpeg
copyright icon Кыргыз футбол биримдигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын башкы машыктыруучусу Сергей Пучков менен түзүлгөн эмгек келишими токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн биримдиктин техникалык комитетинин жыйыны орун алып, анда Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын Азия кубогундагы оюну боюнча башкы машыктыруучусу Сергий Пучковдун отчету угулган.

Комитетке төрагалык кылган Дастан Конокбаев башкы машыктыруучу менен эмгек келишимин токтотуу маселесин аткаруучу комитеттин кароосуна жөнөткөн.

Онлайн форматта өткөн аткаруучу комитетинин отурумунда Азия кубогундагы начар жыйынтыкты эске алуу менен кабыл алынган чечимге ылайык, Сергий Пучков өз кызматынан бошотулду. Башкы машыктыруучу менен бирге машыктыруучулук штабы дагы кызматтан четтетилди.

Белгилей кетсек, Сергей Пучков жаштар курамасынын машыктыруучусу болуп былтыр декабрь айында дайындалган.