Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны өтүп, ага биримдиктин президенти Адылбек Касымалиев төрагалык кылды.
Мекемеден билдиришкендей, жыйында КФБнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелер каралып, 2026-жылга карата иш-чаралар реестри жана бюджет толуктоолор менен бекитилди.
Мындан тышкары, биримдиктин туруктуу комитеттеринин жаңыланган курамдары жактырылды. Алар техникалык, финансылык, калыстар, мелдештер, футзал жана кум үстүндөгү футбол, кыз-келиндер футболу, маркетинг жана социалдык жоопкерчилик, стратегиялык өнүгүү багыттарында иш алып барат.
Туруктуу комитеттер өз багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгып, КФБнын аткаруу комитетинин кароосуна киргизет.