Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин жана министрлер кабинетинин администрациясынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушев Франциянын Страсбург шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында адам укуктары боюнча Европа сотунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Тараптар жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын караган эл аралык сот органы катары Европа сотунун ишинин негизги аспектилерин талкуулашты. Жеке даттанууларды кароо жол-жоболоруна, чечимдерди кабыл алуу механизмдерине, адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуунун заманбап ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулду.
Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү бекемдөө контекстинде Кыргызстандын Акыйкатчы институту менен Европа сотунун адам укуктарын коргоо, Сот адилеттигинин улуттук механизмдерин өркүндөтүү жана укук колдонуу тажрыйбасы чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуусунун перспективалары талкууланды.
Аягында Кыргызстандын президентинин жана министрлер кабинетинин администрациясынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушев Кыргызстанда адам укуктарын сактоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өнөктөштүк мамилелерди жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.