Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Ноокат районундагы "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы арканы жана көзөмөл-өткөрмө пунктун куруу иштери башталды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, бүгүн курулуш объектисинин пайдубалына капсула салуу аземи өттү.
Жаңы кире бериш аймакка кирүүнү иретке келтирүүгө, көзөмөлдү күчөтүүгө жана эс алуучулар үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.
Мындан тышкары, паркта заманбап тазалоочу курулмаларды куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор саркынды сууларды талаптагыдай тазалоого жана парктын экологиялык коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
"Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркы 1992-жылы түзүлгөн. Аянты арча токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгү менен бааланат.