Кыргыз армиясы 5 жылда: Модернизация, техникалар жана күжүрмөн даярдыктын жаңы деңгээли

Коом Загрузка... 23 Февраль 2026 17:44
1.webp
copyright icon WWW

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү — аскердик коопсуздукту камсыз кылуунун, мамлекеттин көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоонун негизги институту болуп саналат. Аймактык коопсуздуктун татаал шарттарында Кыргызстандын армиясы акырындык менен түзүмдүк жана мазмундук жактан кайра куруу баскычынан өтүүдө. Заманбап чакырыктар Куралдуу күчтөрдүн санын көбөйтүүнү эмес, алардын мобилдүүлүгүн, технологиялуулугун жана башкаруу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну талап кылат.

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден тарта Кыргызстандын армиясын масштабдуу реформалоо жана чыңдоо демилгесин көтөрдү. Акыркы жылдары коргонуу сектору модернизациялоодон өттү: жүздөгөн миллиард сомго заманбап техникалар, авиациялык комплекстер, байкоо жүргүзүү каражаттары, жогорку тактыктагы коргонуу системалары сатып алынып, транспорт жана байланыш жабдуулары жаңыланды.

b6f66b7ed3ffbc879d15aef26ed56551_L.width-800

Көптөгөн жылдардан бери алгачкы ирет Куралдуу күчтөр актуалдуу стандарттарга жооп берген жабдууларга ээ болду. Аскер кызматчыларын даярдоонун стандарттары жаңыланып, тартип чыңдалды жана социалдык колдоо көрсөтүү чаралары кеңейтилди. Президент Кыргызстандын армиясын заманбап чакырыктарга төп келет деп атады.

Акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү туруктуу каржылоодон системалуу өнүгүүгө карай эбегейсиз өзгөрүүнү башынан өткөрдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине берген маегинде коргоо министринин биринчи орун басары – Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Тариэл Отонбаев билдирди.

WhatsApp_Image_2026-02-23_at_16.51.20.width-800

Каржылоо дээрлик 300 пайызга өстү

Анын айтымында, акыркы беш жылда армияны каржылоо дээрлик 300 пайызга көбөйдү. Ошол эле учурда бюджеттен каралган каражаттар бүгүнкү күндө толук көлөмдө келип түшүүдө. Отонбаев буга чейин Куралдуу күчтөр пландалган көлөмдүн эң жакшы дегенде 30 пайызын гана алып келгенин белгиледи.

Жалпысынан коргонуу тармагына ИДПнын 1-2 пайызы багытталат. Бул учурдагы милдеттерди аткаруу үчүн жетиштүү, бирок дүйнөлүк кырдаалдын курчушунан улам келечекте коргонуу бюджетин дагы да чыңдоо талап кылынат.

Чек арадагы чыр-чатактардан алынган сабак

Тажикстан менен чек арадагы куралдуу кагылышуу тажрыйбасы коопсуздукту камсыздоо ыкмаларын кайра карап чыгуунун маанилүү фактору болуп калды. Отонбаевдин айтымында, эгерде армия ал кезде азыркы абалында болгондо, потенциалдуу каршылаш кол салуудан мурун "миң ирет ойлонмок".

Басым кармап туруу принцибине жасалган, тынчтык мезгилинде армиянын милдети — агрессияга жол бербөө.

f8a3dd441f4e98abb0b26267f306e356_XL.width-800

Технологиялык секирик: дрондор жана санариптик согуш

Заманбап армия мындан ары эски калыптар (шаблондор) менен курулбайт. Эгер мурун негизги күчтү 500-600 метр аралыктагы танктар, тик учактар жана жөө аскерлер түзсө, дүйнөлүк чыр-чатактар көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө согуш талаасы өзгөрдү. Аралыктар 10 чакырымга чейин жетип, негизги ролду жоокерлер эмес, FPV-дрондор жана санариптик технологиялар ойноп жатат.

Кыргызстан өзүнүн FPV-дрондорун чыгарууну баштады, башка аскер кызматчыларын окута турган алгачкы адистер даярдалды. Күжүрмөн аракеттерди жүргүзүүнүн жаңы формаларын ишке киргизүү боюнча пландуу иштер жүрүп жатат.

343988.width-800

Чек араны инженердик жактан жабдуу

Буга чейин чек аранын көптөгөн тилкелери чек ара кезметтери тарабынан гана кайтарылып келген. Учурда күзөтүүнүн инженердик каражаттары активдүү киргизилүүдө: тикенек зымдар, көзөмөлдөө тилкелери, видеокөзөмөл, учкучсуз учуучу аппараттар менен көзөмөлдөө жана башкалар. Дрондорду колдонуу кыйла чоң аймактарды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет жана ыкчам аракеттенүүнү жогорулатат.

Кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу

Турмуш-тиричилик тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болду:

  • кубрик системасына өтүү (50-100 кишилик казарманын ордуна бир бөлмөдө 7-8 адам);
  • заманбап санитардык шарттар жана ысык суунун милдеттүү түрдө болушу;
  • мөөнөттүү кызматтагыларга жылына эки жолу форма берүү;
  • кийим-кече менен толук камсыздоо.

Улуттук аскердик форма 2014-жылдан бери колдонулуп келет, Отонбаевдин айтымында, бул— иденттүүлүк сезимин жана кесиптик сыймыкты күчөтөт.

Тамактануунун жаңы стандарттары

2025-жылдын аягында тамактануунун жаңыланган ченеми кабыл алынды. Суткалык калория 1800дөн 4800 килокалорияга чейин — дээрлик үч эсеге көбөйтүлдү. Рацион аскер кызматчыларынын реалдуу физикалык жүктөмдөрүн эсепке алуу менен иштелип чыккан.

1051501602_0_82_3072_1820_1920x0_80_0_0_b509b0.width-800

Доктрина жана эл аралык кызматташтык

Аскердик доктрина кайра каралып чыкты: милдеттер жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү такталды. Ошол эле учурда коопсуздук маселеси комплекстүү түрдө — аскердик күч, экономика жана дипломатия аркылуу каралат.

Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) алкагындагы жамааттык коопсуздук механизмдерине жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) форматындагы тынчтык орнотуу миссияларына жигердүү катышып келет. Ошондой эле Кыргызстандын бардык күч түзүмдөрүнүн катышуусу менен "Мекенчил" ички машыгууларын өткөрүү пландалууда.

Коргонуунун жеткиликтүүлүгү

Башкы штабдын баалоосу боюнча, армиянын учурдагы саны коргонуунун жетиштүүлүгүн камсыз кылат. Курал-жарактарды этап-этабы менен модернизациялоо иштери жүрүүдө, алардын бир бөлүгү аскердик параддарда көрсөтүлсө, мүмкүнчүлүктөрдүн олуттуу бөлүгү коомчулукка ачыкталбайт.

Кыргызстандын армиясы акыркы беш жылда каржылык, технологиялык жана уюштуруучулук жактан кыйла чыңдалды. Негизги басым кесипкөйлүккө, санариптештирүүгө жана мобилдүүлүккө багытталган.

Учурда Куралдуу күчтөр согуштун жаңы формаларына жана аймактык чакырыктарга ыңгайлашууга жөндөмдүү, стратегиялык бөгөт коюу куралы жана улуттук коопсуздуктун кепилдиги катары позицияга ээ.

Армияны реформалоо күжүрмөн даярдыкты андан ары жогорулатуу жана жаштарды аскердик-патриоттук тарбиялоону өнүктүрүүгө басым жасоо менен улантылат.