Дүйнөдө күн санап алтындын баасы рекорддук көрсөткүч менен өсүп жаткандыгы жалпыбызга маалым. Мындан улам алтын дүйнөдөгү келечектүү инвестициялардын бирине айланууда. Буга чейин президент Садыр Жапаров дагы атамекендик алтын куймаларын сатып алуу каражат салуунун ишенимдүү жана кирешелүү жолу экендигин айткан. Ал алтындын наркы жыл сайын өсүп жаткандыктан, өлкөнүн колунда бар, бай жарандарын аманаттарын алтынга салууга сунуштап, алтын сатып алууда эч кандай чектөө болбошу керектигин белгилеген эле. Бул жагдайларды эске алуу менен мекендешибиз, ишкер айым Каныкей Батырова кыргыз алтынын колдонуп, атамекендик өндүрүштү өнүктүрүүнүн үлгүсүн көрсөтүүдө. Атап айтканда, ал өзгөчө стилдеги зер буюмдарын, алтын-күмүш мончок, топчу тагылган дизайнерлик кийимдерди, ошондой эле сумка-капчыктардын түрүн чыгарууда.

Өндүрүштө өз алтыныбыз
Мен зер буюмдары үчүн колдонуп жаткан алтын кадимки биздин Кумтөр кенинин алтыны. Бул үчүн мен кенди өзүбүзгө кайтарып берген президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирем. Президенттин аркасы менен өндүрүшкө өз алтыныбызды колдонуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Негизи эле акыркы жылдары элде дагы патриоттуулук сезим өөрчүп, атамекендик өндүрүшкө, өзүбүздүн тамырыбызга көңүл бөлгөндөр көбөйүп жатканы кубандырат.

Ишкер айымдын колунан жаралган өзгөчө зер буюмдар
Шакектин дизайнын айгүл гүлүнүн формасында иштеп чыгып “Айгүл гүлү” деп атадым. Ошондой эле кыргыз балы дүйнө коомчулугун кызыктырып, брендге айланып бара жаткандыгы үчүн аарынын формасында шакек жасап “Bee” деген ат бердим. Алдыда башка дагы зер буюмдардын түрлөрүн жасап чыгаруу планым бар. Учурда бул зер буюмдарына өлкө ичинен буйрутма көбүрөөк түшүп, чет өлкөдөн сурагандар да чыгууда. Бул бир жылдай убакытты талап кылган өтө оор, кымбат процесс болду. Мындан улам бир тарабынан өзүбүздүн алтыныбызды колдонуп жаткандыгыбыз үчүн, экинчи тарабынан ушундай оор ишти иш жүзүнө ашыра алгандыгым үчүн сыймыктанып турам.
Алтындан андан сырткары, топчу, шуру жасап атайын сапаттуу материалдан тигилген дизайнерлик кийимдерге, сумка, капчыктарга тагып жатам. Сумка менен капчыктын дагы материалы сапаттуу булгаарыдан тигилүүдө.

“Эли алтындан кийим киет” деген нерсени жараткым келет
Убакыт өткөн сайын алтындын баасы кымбаттап баратат. Бул өзүнчө бир баалуу инвестицияга айланууда. Менин максатым – өз колуман жаралган буюмдарды Gucci, Chanel, Dior сыяктуу дүйнөлүк брендге айлантуу. Муну менен бирге эле Кумтөрдү, кыргыз алтынын даңазалап дүйнөлүк деңгээлге алып чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралып жатат.

Буга чейин дүйнө жүзүндө алтынды кийимге тагуу деген болгон эмес. Муну менен мен Кыргызстан жакыр өлкө эмес бай өлкө, эли керек десе алтындан кийим киет деген нерсени жараткым келет. Бул бир тарабынан инвесторлорду, жалпы эле дүйнө элин кызыктырат. Айгүл гүлүн дагы дүйнөлүк брендге айлантуу ниетим бар.

Сапаты жагынан ат салдырбаган кыргыз алтыны
Бизде кыргыз алтындын сапаты начар деген түшүнүк калыптанып калган. Бирок андай эмес. Болгону өзүбүз эле баркын түшүрүп салыптырбыз. Себеби, алтын саткандар биздин алтындын пробасын жогорулатып, алтыны абройлуу мамлекеттердин (Түркия, Италия, Дубай) аты менен, ал эми биздикин пробасын төмөндөтүп “кыргыз алтын” деп сатышат экен. Бирок биздин алтын алардан эч нерсеси кем эмес, тескерисинче абдан сапаттуу экенине көзүм жетти. Болгону бул жердеги кеп ал өлкөлөр алтынын бийик деңгээлге чыгарып, аброюн жогорулатып алышканында. Андыктан, бул баалуулукту даңазалап, бийиктетип алуу өзүбүздүн колдо экен.