Кыргыз акындары Алматыда өтчү дүйнөлүк поэзия конгрессине катышат

Маданият Загрузка... 21 Июль 2026 10:20
752279161_2126029895009115_5471185552354403362_n.jpg
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын белгилүү акындары Казакстанда өтө турган Тынчтык үчүн дүйнөлүк поэзия конгрессине катышат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, эл аралык иш-чара 26-июлунда Алматыдагы Искусство музейинде VI "Жибек Жолу" эл аралык поэзия фестивалынын алкагында уюштурулуп, Евразия аймагынан жүздөн ашуун акындын башын бириктирет.

Кыргызстандан Акбар Рыскулов, Асан Жакшылыков, Доктурбек Юсупов, Абдрахман Алымбаев (Баяс Турал), Кыялбек Урманбетов, Каныбек Иманалиев, Алтынбек Исмаилов, Алтынай Ормотоева, Элдар Аттокуров жана Алтынай Темировалар катышат.

"Кыргыз акындарынын катышуусу өлкөнүн бай адабий мурасын эл аралык деңгээлде таанытууга, маданий байланыштарды чыңдоого жана дүйнөлүк поэзия кыймылына салым кошууга чоң өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле конгресске Кытай, Казакстан жана Өзбекстандан келген калемгерлер катышып, көп тилдүү поэзия окуулары жана чыгармачылык жолугушуулар өткөрүлөт.