Кыргызстан быйыл дүйнөнүн көңүлүн бурган ири маданий-спорттук иш-чара — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүдө. Азыркы тапта оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн даярдыктар уланып, бир катар маанилүү иштер аткарылууда. Анын катарында жалпы уюштуруу иштери, инфраструктураны жакшыртуу жана жол курулуштары бар.
Көчмөндөргө жалпы даярдыктар
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Иш-чара борбор калаада курулуп жаткан “Бишкек Арена” стадионунда ачылып, негизги бөлүгү Ысык-Көл облусунда уланат.
Уюштуруу комитети учурда даярдык иштери жарымдап калганын билдирди. Эл аралык катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов “Кабар” агенттигине белгилегендей, комитеттин даярдык иштери финалга чейинки баскычка жетти.

“Оюндарга эки ай калганда финалдык баскычка өтөбүз. Ал эми азыркы тапта жарнамалоо иштери күчөтүлүп, чакыруу роликтери тартылууда. Оюндардын айдентикасы, брендбугу түзүлүп, тумары иштелип чыкты. Эми аларды элге жайылтуу иштери жүрүүдө. Ошондой эле бүгүнкү күндөрдө инфраструктураны жакшыртуу боюнча чечимдер кабыл алынып, күндүн толук жылышы менен аларга старт берилет.
Андан сырткары, май айынын башында чет өлкөлүк спортчуларды, журналисттерди аккредитациядан өткөрүү, аларды тосуп алуу, жатакана менен камсыз кылууну уюштуруу иштери бар.
Инфраструктура жана негизги локациялар
Оюндар негизинен Бишкек шаарында ачылып, Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда, Курманжан датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы музейинде, “Рух Ордо” маданий комплексинде, Чолпон-Атадагы ипподромдо, “Газпром” ден соолукту чыңдоочу спорт комплексинде, Бостеридеги “Номад” амфитеатрында өткөрүлөт.
Ошондой эле бул жолу маданий программалардын форматы кеңейтилип, буга чейин өткөрүлүп келген фестиваль беш багытка бөлүнүп өтмөй болууда. Дагы бир айырмачылыгы — чет өлкөлөрдөн 80ден ашуун илимпоз келип, эл арасында сакталып калган маданияттарды жана оюндардын келечегин талкуулашат”, — деп билдирди ал.

Андан сырткары, 29-мартта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев баштаган кеңири курамдагы жумушчу топ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлө турган локацияларды жеринен карап чыкты.
Министрликтин маалыматына ылайык, Кырчын жайлоосунда жана “Номад” амфитеатрында кошумча жайлар курулушу мүмкүн. Ошондой эле аталган жайлоого адаттагыдай этношаарча курулат. Учурда бул иштер кеңешилип, кароодон өтүү алдында турат. Ал эми калган үч локацияда даярдоо, оңдоп-түзөө, тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.
“Бишкек Арена” — Көчмөндөр оюндары менен ачылат
Андан сырткары, учурда 51 миң кишилик, FIFAнын талаптарына жооп берген, Борбор Азиядагы эң ири стадиондордун бири “Бишкек Аренанын” курулушу уланууда. Президенттин администрациясынын маалыматында белгиленгендей, учурда имараттын ички курулуш иштери жасалууда. Металл конструкцияларынын даярдыгы 81 пайызга бүткөрүлүп, айлана-тегерегин көрктөндүрүү жана инженердик коммуникацияларды тартуу иштери жүргүзүлүп жатат. Стадиондун жалпы аянты 180 миң чарчы метрди түзүп, бийиктиги 70 метрге жетет. Долбоордо 8 деңгээл жана 8 функционалдык блок каралган. Ал Көчмөндөр оюндарынын алкагында ишке берилет.
Андан сырткары, атайын тапшырманын негизинде Ысык-Көлдүн унаа жолдорунун курулушу күчөтүлгөн тартипте уланууда.

Дүйнөлүк иш-чарага карата ыкчам жасалып жаткан жолдор
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Чолпон-Ата шаарынын айланма жолу, Кырчын жайлоосуна баруучу айланма жолдор, Каракол—Эңилчек жолу, “Ала-Тоо Резорт” лыжа базасына баруучу унаа жолу, Балыкчы — Корумду, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолдорунун курулуш иштери күчүндө.
Аталган министрликтин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков “Кабар” агенттигине билдиргендей, учурда негизги көзөмөл көлдүн жолдоруна бөлүнүп, иштер ыкчам, ошол эле учурда сапаттуу аткарылуусу көзөмөлдөнүүдө.

“Чолпон-Ата айланма жолу 16 чакырымды түзөт. Азыркы тапта курулуш жана долбоорлоо иштери параллелдүү жүрүүдө. Негизинен жол курулушу долбоорлоо иштери аяктагандан кийин башталат. Бирок бул тапшырма болгондуктан, экөөнү удаа алып кетүү чечимдери кабыл алынган. Учурда толук кандуу мобилизациялоо иштери бүтүп, жер иштери жүрүүдө.
Балыкчы — Корумду жолу инвестициялык долбоор катары 2027-жылы бүтүшү керек. Бирок 2026-жылы асфальт төшөлөт дагы, башка кошумча иштери улантылат. Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун ар бир тилкесинде жумуштар жүрүүдө. Жумуштар тезирээк арбышы үчүн подрядчылар участкаларды бөлүп алып жасап жатышат. 31-августка чейин бүткөрүү пландалууда.
Ошондой эле Кырчын жайлоосуна алып баруучу жолдорду жасоо иштери уланууда. Негизинен ага Семёновка — Ак-Суу жана Григорьевка — Көл — Кашка-Суу жолдору алып барат. Алар дагы долбоорлоо жана курулуш иштери менен параллелдүү түрдө жасалууда. Жалпы узундугу 33 чакырымды түзөт. Учурда 13 чакырымы бүттү”, — деп белгиледи Чойбеков.
Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндары быйыл алтынчы жолу өткөрүлүүдө. Буга чейин үч жолу катары менен Кыргызстанда өтүп, кийин Казакстан жана Түркия өлкөлөрүнө кезек берилген. Оюндардын мазмунун ат оюндары, күрөштүн улуттук түрлөрү, интеллектуалдык жана улуттук оюндар түзөт. Быйылкы оюндар спорттун 43 түрү боюнча өтөт. Соңунда иш-чара кийинки өлкөгө өткөрүп берилет.