Кырчында жайытты тебелеген айдоочулар айыпка жыгылды

Укук тартиби 601 26 Июнь 2026 10:25
WhatsApp Image 2026-06-26 at 07.24.53 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-26 at 07.24.53 (5).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-26 at 07.24.53 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-26 at 07.24.53 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-26 at 07.24.53 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-26 at 07.24.53.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда өткөрүлгөн рейд учурунда унаа менен жайыт жерлерин тебелеткен фактылар аныкталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 6 жаранга протокол түзүлүп, жалпысынан 33 миң сом айып пул салынды.

"Учурда мындай рейддик иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жайыттарды мыйзамсыз тебелеп-тепсөө жана бузуу фактылары үчүн мыйзамга ылайык административдик жоопкерчилик каралган. Эреже бузгандарга 5 500 сомдон 20 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн.