Кыйыр салыктар боюнча отчетту толтурууга жардамчы ишке киргизилди - Салык кызматы

Экономика Загрузка... 11 Апрель 2025 15:33
2022-02-04_12-58-40_828301.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы кыйыр салыктар боюнча FORM STI-123_5 отчётун тапшыруу үчүн жаңы функционал ишке киргизди.

Ага ылайык, эми салыктөлөөчүлөр FORM STI-123_5 кыйыр салыктар боюнча отчет формасын толтурууда атайын жардамчыны пайдалана алышат. Бул жардамчы отчетту даярдоо жана тапшыруу процесстерин жеңилдетет.

Жардамчы аркылуу отчетту түзүү үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

– Жеке кабинетке кирүү cabinet.salyk.kg баракчасында башкы беттин төмөн жагында жайгашкан “Жардамчылар” бөлүмүнө өтүңүз;
– FORM STI-123_5 кыйыр салыктар боюнча отчет формасын толтуруучу жардамчыны тандаңыз;
– Отчеттун электрондук формасын толтуруңуз;
– Excel форматындагы отчеттун файлын түзүп, сактап алыңыз;
– Жекекабинетиңиздеги кыйыр салыктар боюнча отчетторду берүү сервисине өтүңүз.

Даярдалган файлды жүктөп, салык органына жөнөтүңүз.
Бул функционал салык төлөөчүлөр үчүн салык отчеттун түзүү жана тапшыруу процессин жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан.

Кыйыр салыктар — бул товардын же кызмат көрсөтүүнүн баасына кошулган кошумча үстөк.