Кыйыр салыктар боюнча отчетту текшерүү автоматташтырылды

Экономика
Кыйыр салыктар боюнча отчетту текшерүү автоматташтырылды
copyright icon WWW

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып салык төлөөчүнүн кабинетинде кыйыр салыктар боюнча STI-123_7 отчетунун 3-бөлүмүн автоматтык текшерүү функциясы ишке кирди.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, жаңы функция отчетто товарлардын толук көрсөтүлгөнүн, алардын ТЭИ ТН (тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасы) коддору, өлчөө бирдиктери жана саны туура киргизилгенин текшерет. Ката табылса, система эскертүү берип, отчетту жөнөтөрдөн мурда оңдоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Отчеттун 3-бөлүмүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташылып келинген жана КНС боюнча тобокелдик белгилери бар товарлар көрсөтүлөт. Маалыматтарды туура эмес же толук эмес киргизүү салык милдеттенмелерин кайра кароого жана кошумча төлөмдөргө алып келиши мүмкүн.

Салык кызматы импорттоочуларга товарларды жана коштомо документтерди алдын ала текшерип, тиешелүү товарларды отчетто туура көрсөтүүнү сунуштайт.