Эми салык төлөөчүнүн кабинетинде жаңы каттоо документтери жеткиликтүү

Экономика 28 март 2025 16:35
Эми салык төлөөчүнүн кабинетинде жаңы каттоо документтери жеткиликтүү

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүнүн кабинетинде STI-024 жана STI-025 формасындагы каттоо документтери жеткиликтүү экендигин билдирет.

Ведомстводон маалымдашкандай, алар каттоо маалыматтарын жана катталган салыктар боюнча маалыматтарды камтыйт.

Эми бул документтерди алуу үчүн салык органдарына баруунун кажети жок — салык төлөөчүнүн кабинетиндеги "Сервистер" бөлүмүнө кирип, "Жеке маалыматтарды" тандоо жетиштүү. Бул убакытты үнөмдөп, керектүү маалыматты алууну жеңилдетет.