Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык отчетун тапшыруу мөөнөтүн узартууга арыз берүү боюнча онлайн кызматты ишке киргизди.
Ведомстводон маалымдашкандай, эми отчет берүү мөөнөтүн узартууну каалаган салык төлөөчүлөр cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук түрдө арыз тапшыра алышат.
Бул үчүн "МСК менен кат алышуу" бөлүмүнө кирип, "Отчетторду узартууну" тандоо керек.
Салык органы арызды карап чыгып, аны бергенден кийинки бир жумушчу күндүн ичинде мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
Чечим чыгарылгандан кийин ал автоматтык түрдө аталган бөлүмдүн "Арыздар журналында" көрсөтүлөт.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 1-январынан тартып салык отчетун кечиктирип бергендер үчүн автоматтык санкциялар киргизилген.
Белгилей кетсек, жаңы кызматты киргизүү арыз берүү процессин кыйла жөнөкөйлөтүп, аны каалаган убакта аралыктан аткарууга мүмкүндүк берет.