Бишкек, 08.01.26. /Кабар/. Жаңы жылдык эс алуу күндөрү ден соолукка кам көрүү жана көбүрөөк кыймылда болуу маанилүү. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору эскертет.
Адистер белгилегендей, физикалык активдүүлүк майрамдык дасторкондон кийин өзүн-өзү сезүүнү жакшыртууга жардам берет жана жалпы ден соолукка оң таасирин тийгизет. Мында дароо эле оор машыгууларды баштоо же спорт залга баруу милдеттүү эмес.
Жөнөкөй жана жеткиликтүү кыймылдар — таза абада сейилдөө, үйдө жасалуучу жеңил көнүгүүлөр — жакшы физикалык форманы сактоо үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Жаңы жылдык эс алуу күндөрү шаар көчөлөрүндө, парктарга же жаратылышка чыгып шашпай сейилдөө үчүн абдан ыңгайлуу.
Борбордон баса белгилешкендей, эң башкысы — аба ырайына жараша кийинип, үшүп калуудан сактануу жана кыймылдын сизге ырахат тартуулаган түрүн тандоо зарыл. Кыймыл-аракетти аздан баштап, бара-бара көбөйтүү сунушталат.
Ошондой эле Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору кыймылды күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айлантууга жардам берген пайдалуу кеңештерге жана сунуштарга көңүл бурууга чакырат.