Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов учурдагы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы абалды жакшы эмес деп мүнөздөдү. Анын айтымында, республика 2 айдан бери күйүүчү-майлоочу майдын керектүү көлөмүн ала албай жатат. Буга Россиядагы бир катар мунай иштетүүчү заводдордун пландаштырылган жана авариялык оңдоолору себеп болууда.
Нефтепродукталарды өлкөгө ташыган компаниялар мурда топтогон запастарды сарптай башташты. Бул резервдердин дээрлик эки эсеге кыскарышына алып келди. Эгерде мурда базаларда эки айлык күйүүчү майга болгон муктаждыкты жапкан бензин жана дизель сакталып турса, азыр күйүүчү май бир айга жетпейт. Мындан тышкары, Россияда өндүрүштүн көлөмүнүн кыскарышы биржалык баалардын кескин өсүшүнө алып келди. Бул Кыргызстандагы май куюучу станцияларда күйүүчү майдын кымбатташынын негизги себеби болууда. Баалардын кескин көтөрүлүшүн резервдеги запастын аркасында токтотууга мүмкүн болду.

Убакыт өтүп жатат, бирок өндүрүүчүлөрдүн абалы азырынча жакшыра элек. Суроо-талаптын көптүгү биржадагы бааларды жогорулатууда. Күйүүчү-майлоочу майды биринчи кезекте көбүрөөк акы сунуштагандар алып жатышат. Бул кырдаалда бааларды кармап турууну суранган биздин мунай трейдерлери оор абалда калышты. Аларды түшүнсө болот, себеби, эч ким өзүнө зыян келтиргиси келбейт.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жаңы котировкалар боюнча күйүүчү май сатып алуу Кыргызстандагы май куюучу станциялардагы чекене баалардын болжол менен 15 пайызга өсүшүнө алып келерин эсептеп чыкты. Бул экономика үчүн инфляцияны күчөтүп, жарандарга кошумча каржылык жүк келтирет. Мындай сценарийден качуу жана социалдык туруктуулукту сактоо үчүн Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан кризиске каршы бир катар чаралар сунушталды.

Бул план күйүүчү май жеткирүүчүлөрүнө жана сатуучуларына салыктык жүктү убактылуу алып салууну камтыйт. Аатап айтканда, акциздик салыкты алып салуу, КНСтен баш тартуу, Жол фондуна чегерүүлөрдү, күйүүчү майды маркалоону, экологиялык жыйымды жана күйүүчү-майлоочу майды сертификациялоону токтотуу сунушталууда. Экономика министрлиги күйүүчү майдын наркынын түзүмүндө бул төлөмдөр болжол менен 20 пайызын түзөрүнө көңүл бурат. Бул чаралар абал нормалдашканга чейин күчүндө болот.
Экинчи кадам – мунай трейдерлерине күйүүчү-майлоочу майды жаңы, кымбаттатылган баалар боюнча сатып алууга насыя берүү.
"Бул чара мунай трейдерлеринде жүгүртүү каражаттары жетишсиз болгон шарттарда өзүнүн натыйжалуулугун бир нече жолу көрсөттү. Өз кезегинде мунай трейдерлери үстүбүздөгү жылдын аягына чейин мунай продуктуларын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылууга жана Монополияга каршы күрөшүү кызматы менен түзүлгөн келишимдин алкагында милдеттенмелерди аткарууга даяр экендиктерин билдиришти", - деп белгилешти ведомстводон.
Экономист Кубат Рахимов Кыргызстандын өкмөтүндө талкууланып жаткан чаралар түздөн-түз жана максаттуу таасири бар экенин белгилейт.

"Салык жүгү азаят жана андан тышкары, эгерде мунай заттарын жеткирүүчүлөр жеңилдетилген насыяларды алышса, анда алардын биржаларда керектүү көлөмдөрдү сатып алуу үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт. Азыр Россия биржалык инструменттерди активдүү колдонууда. Бир жагынан бул плюс, бирок экинчи жагынан минус, анткени баанын өзгөрүшү тигил же бул жол менен биздин керектөөчүлөргө таасир этет.
Эгерде биз дизель же бензиндин таза өздүк наркына көз чаптырсак, анда бул баа салыктык жүктүн эсебинен чекене баадан абдан айырмаланарын көрөбүз. Негизинен дүйнө жүзү боюнча мындай товарлардын түрлөрү, аларды өндүрүү, импорттоо жана сатуу мамлекеттин көзөмөлүндө болот. Кээ бир өлкөлөрдө акциздер товардын өзүнүн наркынын 90 пайызына жетет. Ошондуктан, бул жерде күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууда калыптанган факторлорду эске алуу өтө маанилүү.
Албетте, өкмөткө, анын тиешелүү ведомстволоруна сатып алууларды диверсификациялоо жөнүндө олуттуу ойлонуу керек. Ошол эле Азербайжан жакшы шарттарды сунуштай алат, балким Түркмөнстан боюнча кандайдыр бир варианттар болот, Казакстан бизди кандайдыр бир көлөмдө камсыздай алат. Мен Кытайдан да күйүүчү май жеткирүүнү жокко чыгарбайт элем, ал жакта күйүүчү май кымбатыраак жана сапаты жакшы.
Булардан коркуунун кереги жок. Ийкемдүү мамиле кылуу керек. Азыркы шартта Экономика министрлиги натыйжалуубу? Менимче, ооба", - деп жыйынтыктады Кубат Рахимов.
Чындыгында, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлдын көлөмү кыскарган учурда өкмөттүн планы бар деп айтууга болот. Бул чараларды киргизүү күйүүчү май кризисинин экономикага жана социалдык чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга мүмкүндүк берет. Маселен, бир катар салыктардан убактылуу бошотуу жогорулатылган алмашуу баалары боюнча сатып алынган күйүүчү май азыркы баалар менен салыштырылуучу чекене баада сатыла тургандай кылып баа түзүүнү тууралоого мүмкүндүк берет. Ошону менен негизги маселе чечилип, республика күйүүчү майды туруктуу жана керектүү көлөмдө ала алат.