Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келген кувейттик жаачы Иса кыргыз элинин меймандостугуна ыраазычылыгын билдирди.
Ал улуттук жаа атуу боюнча мелдешке катышып жатканын айтып, Көчмөндөр оюндары өзүнө абдан жакканын белгиледи.
“Кыргызстан эли абдан меймандос жана боорукер экен. Бизди абдан жакшы кабыл алышты. Көчмөндөр оюндары да абдан жакты. Бардык мекендештеримдин атынан Кыргызстанга жана биз үчүн жасаган бардык жакшылыктарына рахматымды айтам!” — деди.
Иса Кыргызстандагы сапарынан жакшы таасир алганын белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.