Куурчак театры эки унаалуу болуп, жамаат сүйүнүп турат - көркөм жетекчи

Коом Загрузка... 26 Сентябрь 2025 12:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу билим берүү жана театр-оюн-зоок мекемелери 39 кичи автобустуу болушту. Анын ичинен эки унаа Бишкек шаарындагы М.Жангазиев атындагы Куурчак театрына берилди. Театрдын көркөм жетекчиси Айнура Качкынбек кызы "Кабар" агенттигине маалымдагандай, буга чейин театрда 7 кишилик жеңил унаа бар болчу. Чыгармачыл жамаат сапарга чыкканда сахна жасалгалары менен унаага батпай, чоң унаа чакырганга аргасыз эле. Эми театрдын унаа маселеси чечилди.

"Биз гастролдорго чыкканда жети орундуу унаабызга декорация, костюмдарды салганда актёрлор батпай жөө кетишчү. Бизге министрлик 15 орундуу эки жаңы унаа берди. Анткени биздин театрда кыргыз жана орус тилинде ойногон эки топ бар. Кээ бир учурларда унаа талаш болуп калып, эки топ тең бир маалда сапарга чыга албайт эле. Унаалардын келиши бизге дем берет, гастролдорго күч берет деп ойлойбуз.

Жакында эле Уфада өтө турган фестивалга чыгармачыл жамаатты узаттык. Аэропортко жетиш үчүн эски унаабызга он беш адам батпай, дагы унаа тапканга аргасыз болдук. Биз дайыма ушундай учурларда айла жок чоң унаа чакырчубуз. Бүрсүгүнү Россияга дагы бир тобубуз кеткени жатат. Эми аларды жаңы унаабыз менен аэропортко чейин эч кимди жалдабай, өзүбүз жеткиребиз деп сүйүнүп отурабыз", - деп кубанычы менен бөлүштү Айнура Качкынбек кызы.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын июль айында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жалпы 72 унааны, анын ичинде 51 орундуу – 5 чоң автобус, 37 орундуу – 10 автобус, 15 орундуу – 57 кичи автобусту Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине тапшырган.

Жаңы унаалар маданий иш-чара, фестиваль жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган иштердин натыйжалуулугун арттыруу максатында пайдаланылмакчы.