Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Бүгүн ректор Догдурбек Чонтоев баштаган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жамааты Нарын шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн Нооруз майрамына катышты.
Окуу жайдан билдиришкендей, майрамдык салтанаттын көркүнө көрк, шаңына шаң кошкон жаштардын арасында КУУнун Нарындагы окуу жайынын студенттери дагы болду.
Анын алкагында ректор баштаган делегация президенттин жарлыгы менен КУУнун курамына кирген Нарын мамлекеттик университетинин жамааты менен жолугуп, Нооруз майрамын чогуу тосушту. Жетекчилик тарабынан куттуктоолор жолдонуп, жамааттын эмгекте өзгөчөлөнгөн өкүлдөрүнө жана студенттерине "Ардак грамоталар" жана ыраазычылык каттар, ошондой эле жамаатка окуу процессине керектелүүчү техника тапшырылды.
Андан соң ректор илимий-инновациялык жетишкендиктер менен таанышып, алдыда аткарыла турган иш мерчемдери белгиленди. Жаңы башталган долбоордун алкагында "Жер ресурстарын комплекстүү башкаруу" EPU борборунун да келечеги талкууланды.